×
Ислам Таза табият, тунук акыл жана бакыттын дини

Ислам

Таза табият, тунук акыл жана бакыттын дини.

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен.

Сен өзүңдөн сурап көрдүңбү:

Жети кабат асманды жана жерди, алардагы үлкөн макулуктарды ким жараткан? Бул ааламдагы так, кылдат мыйзамдарды ким жасаган? деп.

Бул жаратылыш жылдар бою өзүнүн так, чебер мыйзамдарын кантип өзгөртпөй сактап келе жатат?

Бул барлык өзүң-өзү жаратканбы? Же ал жоктон бар болуп калдыбы? Же кокустан эле пайда болдубу?

А сенин өзүңдү ким жаратты?

Сенин жана тирүү жаратылыштын дене-мүчөлөрүндөгү кылдат системаны ким түздү?

Мына ушул имаратты эч ким курбай эле, өзүнөн-өзү пайда болуп калган десең, же: жоктук бул жайды пайда кылган десең, эч бир акылдуу жан ага ишенбейт. Анан кантип кээ бир адамдар бул жаратылыш жаратуучусу жок, өзүнөн-өзү пайда болгон деген сөзгө ишенет? Акылдуу адам: жаратылыштын мындай так мыйзамдары кокустан эле пайда болуп калган дегенди түк кабыл кыла албайт.

Мында бул ааламды жана андагылардын баарын жаратуучу жана башкарып туруучу улуу Кудай бар экенине шек жок. Ал - Кемчиликсиз Аллах Таала.

Аллах Таала бизге элчи-пайгамбарларды жиберип, аларга аян-кабар кылып илахий китептерди түшүрдү. Бул китептердин акыркысы акыркы элчи Мухаммад пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүрүлгөн Ыйык Куран. Китептер жана элчилер аркылуу биз төмөнкүлөрдү билдик:

⦁ Аллахтын Өзүн, сыпаттарын, биздин Ага жана Анын бизге болгон акыларын;

⦁ Ал бүт калайыкты Жаратуучу экенин, Тирүү экенин жана эч качан өлбөстүгүн, калайыктар Анын карамагында, кол алдында жана башкаруусунда экенин;

Бизге Анын сыпаттарынын бири Билүүчү сыпаты экенин кабарлады. Ал илими менен барын ороп алган. Ал Угуучу, Көрүүчү, жерде да, асманда да эч нерсе Ага жашыруун калбайт.

Рабби, Ал - Тирүү, баарын Башкаруучу, башка макулуктардын баарына Ал тирүүлүк берет. Ал Башкаруучу, бардык макулукту Ал башкарып турат. Аллах Таала бул тууралуу минтип айткан:﴿اللَّهُ لا إِلَهَ إِلَّا هُوَ الْحَيُّ الْقَيُّومُ لا تَأْخُذُهُ سِنَةٌ وَلا نَوْمٌ لَهُ مَا فِي السَّمَوَاتِ وَمَا فِي الأَرْضِ مَنْ ذَا الَّذِي يَشْفَعُ عِنْدَهُ إِلَّا بِإِذْنِهِ يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلا يُحِيطُونَ بِشَيْءٍ مِنْ عِلْمِهِ إِلَّا بِمَا شَاءَ وَسِعَ كُرْسِيُّهُ السَّمَوَاتِ وَالأَرْضَ وَلا يَئُودُهُ حِفْظُهُمَا وَهُوَ الْعَلِيُّ الْعَظِيمُ﴾ Аллах – Андан башка ибадатка татыктуу кудай жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып Туруучу. Ал үргүлөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баары Ага тандык. Эч ким Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча шапаат-колдоо көрсөтө албайт. Ал алардын келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билбейт. Анын Курсийи асмандар жана жерди камтып турат. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал Бийик жана Улуу!(Бакара сүрөсү, 253-аят).

⦁ Ал кемчиликсиз сыпаттардын ээси болгон Рабби экенин кабарлады. Ал бизге Анын сыпаттары кемчиликсиз экенине, кубаттуу, улуу экенине далил боло турган таң калыштуу жаратуучулугун жана кудуретин сезе турган сезим жана акыл берген. Ал бизге Өзүнүн кемчиликсиздигин көрсөткөн таза табиятты сиңирген, Аны кемчиликтүү сыпаттар менен сыпаттоого болбойт.

⦁ Раббибиз асмандардан бийик, бул ааламдын ичине кирбестигин жана аалам Аны ороп албастыгын билдирди

⦁ Ал биздин жана бүт барлыктын Жаратуучусу жана Башкаруучусу экенине моюн сунуп өзүбүздү Ага тапшыруу ваажыб экенин кабарлады;

Жаратуучунун Өзүнө гана тиешелүү улук сыпаттары бар. Аны эч качан муктаждык же кемчилик сыпат менен сыпаттоого болбойт. Раббибиз унутпайт, уктабайт, тамак да жебейт. Анын жубайы же баласы болуусу мүмкүн эмес. Жаратуучунун улуктугуна каршы келген сөздүн баары - Аллахтын элчиси алып келген ишенимдүү аян-кабарлардан эмес.

Аллах Таала ыйык Куранда минтип айткан:﴿قُلۡ هُوَ ٱللَّهُ أَحَدٌ * Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз!ٱللَّهُ ٱلصَّمَدُ * Аллах – Сомад (Беймуктаж)لَمۡ یَلِدۡ وَلَمۡ یُولَدۡ * Төрөбөгөн жана төрөлбөгөнوَلَمۡ یَكُن لَّهُۥ كُفُوًا أَحَدُۢ﴾ Ага теңдеш эч нерсе жок.(Ихлас сүрөөсү, 1-4- аяттар).

Жаратуучу Раббиңе ыйман келтирип ишенсең, анда бул дүйнөгө эмне үчүн жаралдым экен деген суроо оюңа келди беле? Аллах бизден эмнени каалайт? Биздин бул жашоодо бардыгыбыздын максаты эмне?

Аллах Таала бизди жаратып, анан карабай таштап коюусу мүмкүнбү? Аллах Таала мына ушул жаратылгандардын баарын эч бир максатсыз эле жаратып коюусу мүмкүнбү?

А, чынында, Улук Жаратуучу Алла Таала биздин жаратылуудагы максатты бизге айткан. Бул Анын Өзүнө гана ибадат кылуу. Ал бизден эмнени каалайт? Ал ибадатка Өзү гана татыктуу экенин кабарлаган. Пайгамбары аркылуу биздин кандай ибадат кылышыбызды да баяндаган. Буйруктарын аткаруу, тыюуларынан тыйылуу аркылуу Ага кантип жакындоонун жолун үйрөткөн. Биз Анын ыраазылыгына кантип жетебиз жана ачуусунан кантип сактанабыз, өлгөндөн кийин барар жерибиз кайсы? Ал мунун баарын баяндаган.

Ошондой эле бул дүйнө жашоосу сыноо тегирмени экенин айткан. А, чыныгы толук кандуу жашоо өлүмдөн кийин акыретте башаталат.

Ошондой эле, ким Аллахка Ал буйругандай ибадат кылса, Ал тыйгандай тыйылса, ага бул дүйнөдө да жакшы жашоо болорун, а, акыретте түбөлүк рахат күтүп турарын баяндаган. Ал эми ким күнөөкөр болсо жана каапырлык кылса, ал бул дүйнөдө бактысыз болот, акыретте түбөлүк азап чегет.

Ошон үчүн, эч бир инсан бул дүйнө жашоосунда жакшы же жаман ишинин жазасын көрбөстөн өтүп кетүүсү мүмкүн эместигин билебиз. Ошондой эле тиги дүйнөгө барганда деле заалымдарга жаза берилет жана жакшылык кылуучуларга сыйлыгы берилет.

Раббибиз бизге Анын ыраазылыгын таба турган утуш жана Анын азабынан кутулуу ал - Ислам динине кирүү менен гана болорун айткан. Ага өзүн тапшырып, ибадатты эч бир шериги жок Анын Өзүнө гана арнап, Ага таат кылып баш ийип, Анын шариятын ыраазылык менен кабылдап аткарган адам гана утушка жетет. Ал Исламдан башка динди кабыл кылбастыгын айткан:(وَمَن يَبۡتَغِ غَيۡرَ ٱلۡإِسۡلَٰمِ دِينا فَلَن يُقۡبَلَ مِنۡهُ وَهُوَ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ) Жана ким Исламдан башка динди тандаса, андан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот.(Аали Имран сүрөөсү, 85-аят)

Учурда адамдардын кандай ибадат кылып жатканына сарасеп салган адам, бирөөнү адамга ибадат кылып жатканын, бирөөнү таш-буркандарга ибадат кылып жатканын, дагы бирөөнү жылдыздарга ибадат кылып жатканын, ж.б.у.с. көрөт. Акыл-эси жайында адамга бардык сыпаттары кемчиликсиз болгон ааламдардын Раббисине гана ибадат кылуу ылайыктуу. Өзүң сыяктуу же өзүңдөн да төмөн нерсеге кантип ибадат кыласың? Ибадат кылынуучу адам, таш, же дарак, же айбанат болуусу мүмкүн эмес!

Бүгүнкү күнү адамдар дин деп эсептеп, ибадат кылып жүргөн диндердин баарын - Исламдан башкасын, Аллах кабыл кылбайт. Бул динер адамдардын ойлоп тапканы, же убагында Аллахтын дини болуп кийин аны адам колу өзгөртүп жиберген диндер. Ал эми Ислам ааламдардын Раббисинин дини. Өзгөрбөйт да, алмашпайт да. Бул диндин китеби - Ыйык Куран. Ал Аллах кандай түшүрсө ошондой сакталуу. Мусулмандардын колунда бүгүнгө чейин акыркы пайгамбарга кайсы тилде түшсө ошол тилде сакталып келет.

Исламдын негиздеринин бири - Аллах жиберген пайгамбарлардын баарына бирдей ишенүү. Алардын баары адам баласы болгон. Аллах аларды далилдүү белгилер жана мөөжизалар менен кубаттап турган. Пенделерди Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылууга чакыруу үчүн элчилерин жиберген.Элчилердин акыркысы Мухаммад ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Аллах аны мурдагы шарияттарды жокко чыгара турган акыркы жыйынтыктоочу шарият менен жиберди. Аны далилдүү белгилер менен колдоду. Мындай далилдердин эң үлкөнү Ыйык Куран, ааламдардын Раббисинин сөзү. Адам баласы көргөн китептердин эң улугу. Мазмуну, сөздөрү, мыйзамдары, өкүмдөрү баары мөөжиза. Анда дүйнө жана акыреттин бактысына туура жол көрсөтүлгөн. Ал арап тилинде түшкөн.

Куран шек күмөнсүз Жаратуучу Аллах Тааланын сөзү экенине жана адам баласы мындайды жасай албастыгына акылга сыярлык жана илимий көптөгөн далилдер бар.

Исламдын негиздеринен дагы периштелерге ыйман келтирүү, кыямат күнүнө ыйман келтирүү. Аллах Таала эсеп-кысап кылуу үчүн адамдарды мүрзөлөрүнөн кайра тирилтип чыгарат. Ким ыймандуу болуп, ийги иш-амалдарды жасап жүргөн болсо, ага бейиште түбөлүк рахат. Ал эми ким каапыр болуп, жаман иш-амалдарды жасап өткөн болсо, ага тозокто түбөлүк азап. Ошондой эле Исламдын дагы бир негизи - тагдырдын жакшысы да, жаманы да Аллахтан болоруна ишенүү.

Ислам дини жашоо үчүн түзүлгөн кенен жол, акылга жана таза табиятка дал келет. Аны таза напсинин баары кабылдайт. Аны Улуу Жаратуучу калайыкка шарият кылган. Ал дүйнө жана акыретте адамдардын баарына жакшылык жана бакыт алып келүүчү дин. Бир рассаны экинчи рассадан, бир өңдү экинчи өңдөн бөлүп ажыратпайт. Динде адамдардын баары бирдей. Исламда адамдар бири-биринен жасаган иш-амалдары менен гана айырмаланат.

Аллах Таала минтип айткан:(مَنۡ عَمِلَ صَٰلِحا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِن فَلَنُحۡيِيَنَّهُۥ حَيَوٰة طَيِّبَة وَلَنَجۡزِيَنَّهُمۡ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ) Эркек болобу же аялбы, ыйманга келип, андан кийин жакшы амалдарды жасаса, Биз аны (бул дүйнөдө) жакшы жашатабыз жана алардын (акыреттик) соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен кайтарабыз.(Нахл сүрөсү, 97-аят)

Аллах Таала Куранда бекемдеп айткан иштердин бири, Аллахты ибадатка татыктуу Рабби деп, Исламды дин деп, Мухаммадды элчи деп Исламга кирүү, адамдын ыктыярындагы иш эмес, аткарылуусу буйрулган иш. Кыямат күнү эсеп-кысап жана сый-жаза болот. Ким чындап ыймандуу болсо, ал чоң утушка жана ийгиликке жетет. Ким каапыр болсо анык өкүнүчтө калат.

Аллах Таала айткан:(... وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ يُدۡخِلۡهُ جَنَّٰت تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ وَذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ، Ушулар Аллахтын чектери (аны бузбагыла!) Эми, ким Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунса, (Аллах) аны түбүнөн дарыялар агып турган Бейиштерге киргизет (жана) анда түбөлүк калат. Бул – чоң жеңиш!وَمَن يَعۡصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَيَتَعَدَّ حُدُودَهُۥ يُدۡخِلۡهُ نَارًا خَٰلِدا فِيهَا وَلَهُۥ عَذَاب مُّهِين) Ал эми, ким Аллахка жана пайгамбарына (каапыр болуу менен толук) күнөө кылса жана Аллахтын чектеринен чыкса, аны түбөлүк кала турган Тозокко киргизет. Ага кор кылуучу азап бар.Ниса сүрөсү, 124-аят.

Ким Исламга кирүүнү кааласа, ага маанисин билип жана ишенүү менен: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси" деп күбөлүк берүү зарыл. мына ушуну менен ал мусулман болот. Анан Аллах буйруган иштерди аткаруу үчүн Исламдын башка шарияттарын акырындык менен өздөштүрө берет.

Ислам

Таза табият, тунук акыл жана бакыттын дини.

А сенин өзүңдү ким жаратты?

Аллах Таала бизди жаратып, анан карабай таштап коюусу мүмкүнбү? Аллах Таала мына ушул жаратылгандардын баарын эч бир максатсыз эле жаратып коюусу мүмкүнбү?

Ошон үчүн, эч бир инсан бул дүйнө жашоосунда жакшы же жаман ишинин жазасын көрбөстөн өтүп кетүүсү мүмкүн эместигин билебиз. Ошондой эле тиги дүйнөгө барганда деле заалымдарга жаза берилет жана жакшылык кылуучуларга сыйлыгы берилет.