×
Бул жаратылышты ким жараткан? Мени ким жараткан? Эмне үчүн жараткан? Мен туура жолдо бара жатамбы? Асмандар менен жерди жана алардын ортосундагы биз акылга сыйдыра албаган үлкөн макулуктарды ким жаратты? Асман жердеги так жана татаал түзүлүштөрдү ким түзгөн? Инсанды ким жаратты, ага угуу, көрүү касиеттерин, акылды ким берди? Аны акыйкатка жетүүгө, чындыкты көрүүгө ким жөндөмдүү кылды? Дене мүчөлөрүңдөгү мындай чебер, так жаратууну ким баштаган жана келбетиңди кооз кылып ким жараткан? Жаратылыштын ар түрдүүлүгүнө карап көрчү, мындай чеги жок көрүнүштү жоктон бар кылып жараткан ким ? Бул жаратылыш жылдар бою өзүнүн так, чебер мыйзамдарын кантип өзгөртпөй сактап келе жатат? Бул ааламды башкарган мыйзам-системаны ким койгон (өмүр менен өлүм, тирүүлөрдүн жашоосу, түн менен күн, жыл-мезгилдеринин өзгөрүүсү, ж.б.у.с.)? Бул жаратылыш өзүн-өзү жараттыбы? Же жоктон бар болуп калдыбы? Же кокустан эле табылып калдыбы? Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:﴿‌أَمْ ‌خُلِقُوا مِنْ غَيْرِ شَيْءٍ أَمْ هُمُ الْخَالِقُونَ (٣٥) "Алар эч нерсесиз жаратылыштыбы же алардын өздөрү жаратуучубу?أَمْ خَلَقُوا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بَلْ لَا يُوقِنُونَ﴾ Же асмандар менен жерди (алар) жараттыбы?! Жок! Алар анык ишенишпейт!"(Тур, 35-36-аяттар). Эгер өзүбүздү өзүбүз жаратпасак, жоктон бар болуп калуу жана кокустан табылып калуу мүмкүн болбосо, демек анда эч кандай шек-күмөнү жок бир чындык бар: бул жаратылыштын чексиз Кудуреттүү Жаратуучусу бар. Анткени, бул жаратылыш өзүн-өзү жаратуусу, жоктон бар болуп калуусу жана кокустан табылып калуусу мүмкүн эмес эле! Эмне үчүн инсан өзүнүн көзүнө көрүнбөгөн нерселердин бар экенине ишенет? Мисалы: кабылдоо, акыл, жан, сезүү, сүйүү, ж.б. Алардын бар экендигинин белги-издерин көрүп жаткандыгынан эмеспи? Инсан Анын жаратылышында, чеберчилик менен жасоосунда, ырайымында жаратуучунун бар экендигинин белги-изин көрүп туруп, бул жаратылыштын Жаратуучусу бар экенин кантип танат? Мына ушул имаратты эч ким курбай эле, өзүнөн-өзү пайда болуп калган десең, же жоктук бул жайды пайда кылган десең, эч бир акылдуу жан ага ишенбейт. Анан кантип кээ бир адамдар бул жаратылыш жаратуучусу жок, өзүнөн-өзү пайда болгон деген сөзгө ишенет? Акылдуу адам: жаратылыштын мындай так мыйзамдары кокустан эле пайда болуп калган дегенди түк кабыл кыла албайт. Бул суроолордун баары бизге бир жыйынтыкты алып келет, бул - жаратылыштын улуу, кудуреттүү, башкаруучу Раббиси бар деген жыйынтык. Мына ошол Рабби ибадат кылууга татыктуу. Андан башкага кылынган ибадаттын баары жараксыз, алар ибадатка татыктуу эмес. Улуу Жаратуучу Рабби Раббибиз Жалгыз Жаратуучу, Ал - тирилтүүчү жана өлтүрүүчү, Ырыскы берүүчү, Башкаруучу Өкүмдар. Ал жерди жаратып, баш ийдирип койгон. Жерди бардык жаратылгандарга ылайыктуу турак кылган. Ал жети кат асманды жана андагы үлкөн макулуктарды жаратты. Күн менен айды, түн менен күндүздү тизмектеп койду. Ушул кылдат мыйзамдар Анын Улуулугун айгинелеп турат. Ал - бизге ансыз жашоого мүмкүн болбогон абаны баш ийдирип койду. Ал - бизге асмандан жамгыр жаадырып, дарыя, деңиздерди моюн сундурду. Ал - биз эненин ичинде күч-кубатсыз түйүлдүк болуп жатканда бизди азыктандырып, сактады. Ал - биз төрөлгөндөн өлгөнгө чейин кан тамырларыбызда канды айландырып турат. Бул Ырыскы берүүчү, Жаратуучу Рабби - кемчиликсиз, Аллах Таала. Аллах Таала минтип айткан:﴿إِنَّ رَبَّكُمُ اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَى عَلَى الْعَرْشِ ‌يُغْشِي ‌اللَّيْلَ النَّهَارَ يَطْلُبُهُ حَثِيثًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ وَالنُّجُومَ مُسَخَّرَاتٍ بِأَمْرِهِ أَلَا لَهُ الْخَلْقُ وَالْأَمْرُ تَبَارَكَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ﴾ “Чынында силердин Раббиңер Аллах. Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Андан соң аршка көтөрүлдү. Ал түндүн караңгылыгы менен күндүздү каптайт жана түн күндүздү ээрчип жүрөт. Күн, Ай жана жылдыздар Анын буйругуна баш ийет. Жаратуу жана башкаруу Ага гана таандык эмеспи?! Ааламдардын Раббиси Аллах улук болду”.(Аъраф, 54-аят). Аллах - Ал, биз жаратылышта көрүп жаткан жана көрө албаган нерселердин баарынын Жаратуучусу. Ал Өзү Жалгыз ибадат кылууга татыктуу. Аны менен бирге эч нерсеге ибадат кылынбайт. Анын жаратуусунда, башкаруусунда, мүлкүндө же ибадатында Ага теңдеше турган шерик жок. Эгер Улук Рабби менен бирге башка кудай бар деген талашка келсек, анда жаратылыш мыйзамдары бузулуп кетмек; анткени, жаратылыш мыйзамын бир убакта эки кудай башкаруусу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:{لَوْ كَانَ فِيهِمَا آلِهَةٌ إِلَّا اللَّهُ لَفَسَدَتَا} "Эгер ал экөөндө (асман менен жерде) Аллахтан башка кудайлар болсо, экөө тең бузулуп кетет эле".(Анбия, 22-аят). Жаратуучу Раббинин сыпаттары Кемчиликсиз Аллахтын эсеп жетпеген көркөм ысымдары бар. Анын кемчиликсиз,толук экенине далил болгон көптөгөн улук сыпаттары бар. Анын ысымдарынын бири "Аллах", мааниси: ибадат кылууга татыктуу, эч кандай шериги жок Жалгыз Кудай. Ал Тирүү, Түбөлүктүү, Ырайымдуу, Ырыскы берүүчү, Берешен. Аллах Таала ыйык Куранда минтип айткан:﴿اللَّهُ لا إِلَهَ إِلَّا هُوَ الْحَيُّ الْقَيُّومُ لا تَأْخُذُهُ سِنَةٌ وَلا نَوْمٌ لَهُ مَا فِي السَّمَوَاتِ وَمَا فِي الأَرْضِ مَنْ ذَا الَّذِي يَشْفَعُ عِنْدَهُ إِلَّا بِإِذْنِهِ يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلا يُحِيطُونَ بِشَيْءٍ مِنْ عِلْمِهِ إِلَّا بِمَا شَاءَ وَسِعَ كُرْسِيُّهُ السَّمَوَاتِ وَالأَرْضَ وَلا يَئُودُهُ حِفْظُهُمَا وَهُوَ الْعَلِيُّ الْعَظِيمُ﴾ Аллах – Андан башка ибадатка татыктуу кудай жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып Туруучу. Ал үргүлөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баары Ага тандык. Эч ким Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча шапаат-колдоо көрсөтө албайт. Ал алардын келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билбейт. Анын Курсийи асмандар жана жерди камтып турат. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал Бийик жана Улуу!(Бакара, 255-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан:﴿قُلْ هُوَ اللَّهُ أَحَدٌ (١) «Айт! (эй, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз.اللَّهُ الصَّمَدُ (٢) Аллах – эч кимге муктаж эмес.لَمْ يَلِدْ وَلَمْ يُولَدْ (٣) Ал төрөбөгөн жана төрөлбөгөн.وَلَمْ يَكُنْ لَهُ كُفُوًا أَحَدٌ﴾ Жана эч ким Ага тең эмес".(Ихлас, 1-4-аяттар). Ибадатка татыктуу Раббибиз жеткиликтүү толук сыпаттар менен сыпатталат. Анын сыпаттарынын бири - Ал ибадатка татыктуу Кудай, Андан башканын баары жаратылган, моюнуна жүктөлгөн, буйрулган, мажбур кылынган. Сыпаттарынын дагы бири ал - Түбөлүк туруучу Тирүү, бул барлыктагы бардык тирүү жанга Аллах тирүүлүк берген жана жоктон бар кылган. Раббибиз - Тирүү, өлбөйт, жок болуп кетүү Ага ылайык эмес. Дайыма туруучу, уктабайт, анда уйку да, уйкусуроо да болбойт. Анын сыпаттарынын дагы бири - Билүүчү, асманда да, жерде да Ага эч нерсе жашыруун болуп билинбей калбайт. Анын сыпаттарынын дагы бири - Угуучу, Көрүүчү, бардык нерсени угат, бардык жаратылгандарды көрүп турат. Напсинин азгырыктарын да, дилге жашырылган нерсени да билет. Асманда да, жерде да Ага билинбей калган нерсе болбойт. Анын сыпаттарынын бири - Кудуреттүүлүгү, Анын кудурети жетпеген нерсе болбойт, Анын каалоосун эч ким кайтара албайт. Каалаганын аткарат, каалаганын тыят, кааласа алдыга жылдырат, кааласа кечиктирет. Анын даанышмандыгы жеткиликтүү. Анын сыпаттарынын бири - Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Башкаруучу, ал макулуктарды жаратып, башкарып турат. Бүт калайык Анын чеңгелинде, Анын мажбурлоосуна баш ийет. Анын сыпаттарынын бири - Ал жалбарганга жооп берет, муктажга жардам берет, кыйынчылыкты кетирет. Калайыктын баары кыйынчылыкка, кыжаалатчылыкка кабылганда Ага жүздөнүп жалбарат. Ибадат Аллахка гана багышталат. Ибадатка Ал гана толук татыктуу, Андан башкалар татыктуу эмес. Андан башка сыйынылып жаткан нерсенин баары жалган, жараксыз сыйынылган нерселер. Алар кемчиликтүү, өлө турган же жок болуп кете турган нерселер. Аллах бизге Анын улуулугун сезе турган акыл берди. Жакшылыкты жактырып, жамандыкты жек көрө турган жана ааламдардын Раббисине кайрылганда тынчтана турган таза табият берди. Бул таза табият Анын кемчиликсиз, толук экенине далил, анткени Ал кемчиликтүү сыпат менен сыпатталуусу мүмкүн эмес. Кемиликсиз, толукка гана ибадат кылуу акылга сыярлык иш. Өзү сыяктуу же өзүнөн да төмөн макулукка кантип сыйынууга болсун? Ибадат кылына турган нерсе адам, таш-буркан, бак-дарак жана жан-жаныбар болуусу мүмкүн эмес. Раббибиз асмандардан бийик, Аршынын үстүнө көтөрүлгөн, калайыгынан өзгөчө. Анын затында ал жараткан макулуктарына окшоштук жок, ал жараткан макулуктарында Анын затына окшоштук жок. Жаратылгандарындай болуп кейиптелбейт. Раббибиз - Ага окшош эч нерсе жок, Ал Угуучу, Көрүүчү. Ага эч бир теңдеш жок. Ал жаратылгандарга муктаж эмес. Уктабайт, тамактанбайт. Ал Улуу, Анда жубай же бала болуусу ылайык эмес. Жаратуучунун улук сыпаттары бар, эч качан муктаждык же жетишпестик менен сыпатталуусу мүмкүн эмес. Аллах Таала минтип айткан:﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ ‌ضُرِبَ ‌مَثَلٌ فَاسْتَمِعُوا لَهُ إِنَّ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَنْ يَخْلُقُوا ذُبَابًا وَلَوِ اجْتَمَعُوا لَهُ وَإِنْ يَسْلُبْهُمُ الذُّبَابُ شَيْئًا لَا يَسْتَنْقِذُوهُ مِنْهُ ضَعُفَ الطَّالِبُ وَالْمَطْلُوبُ (٧٣) "Эй, адамдар! Бул салыштырууну угуп алгыла: Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан "кудайлар" баары чогулса да бир чымынды жарата албайт. Чымын алардан бир нерсени тартып алса, аны андан куткара алышпайт. Тилегендер да, тилек багытталгандар да алсыз".مَا قَدَرُوا اللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾ "Алар Аллахтын кадырын кадырлай албады. Чынында, Кубаттуу да, Кудуреттүү да – Аллах".(Хаж, 73-74-аяттар). Улуу Жаратуучу бизди эмне үчун жараткан? Ал бизден эмнени каалайт? Аллах бул макулуктарды максатсыз эле жаратып койгон деп айтуу акылга сыябы? Ал Өзү Даанышман, Билүүчү болуп туруп (бизди) жөн эле жаратып койобу? Бизди ушундай тактык, чеберчилик менен жаратып, бизге жети кат асман менен жердегинин баарын моюн сундуруп койгон Аллах, бизди эч кандай максатсыз эле жаратып, "Биз эмне үчүн жаратылдык? Өлүмдөн кийин эмне болот? Жаратылуудагы максатыбыз эмне?" деген сыяктуу бизди түйшөлткөн суроолорубузду жоопсуз калтырып коюусу акылга сыябы? Заалымдарга жаза, жакшылык кылуучуларга сыйлык берилбей калуусу акылга сыярлык ишпи? Аллах Таала минтип айткан:﴿أَفَحَسِبْتُمْ أَنَّمَا خَلَقْنَاكُمْ عَبَثًا وَأَنَّكُمْ إِلَيْنَا لَا تُرْجَعُونَ﴾ «Биз силерди бекерге (максатсыз) эле жараткан жана Бизге кайтарылып келбейбиз деп ойлойсуңарбы?»(Муминун, 115-аят). Андай эмес. Аллах Таала биз жаратылуудагы максатыбызды билүүбүз үчүн бизге пайгамбарларды жиберди. Алар бизге кантип ибадат кылып, кантип Ага жакындоону үйрөттү. Ал бизден эмнени кааларын, Анын ыраазылыгына кантип жетүүнү жана өлүмдөн кийин эмне болорубузду кабарлап айтышты. Аллах Өзү гана ибадатка татыктуу экенин кабарлоо үчүн, кандай ибадат кылууну үйрөтүү үчүн, Анын буйруктарын жана тыюуларын бизге жетирүү үчүн бизге пайгамбарларды жиберди. Пайгамбарлар бизге, биз аны аткарсак жашообуз жакшылык жана берекеге толо турган ийги баалуулуктарды үйрөттү. Аллах Таала көптөгөн пайгамбарларды жиберди, мисалы: Нух, Ибрахим, Муса, Иса, ж.б. Аларга алардын Аллахтын чыныгы элчиси экенине далил боло турган мөөжиза, аят-белгилерди берди. Пайгамбарлардын акыркысы Мухаммад пайгамбарыбыз болду. Элчи-пайгамбарлар бизге бул дүйнө жашоосу сыноо үчүн экенин, чыныгы жашоо өлүмдөн кийин болорун ачык-айкын кабарлап беришкен. Өлүмдөн кийинки жашоодо, эч шериги жок жалгыз Аллахка ибадат кылган, бардык элчи-пайгамбарларга ишенген ыймандууларга бейиш бар экени, ал эми Аллахтан башкага сыйынган каапырларга же Анын элчилеринен кайсы бирине ишенбеген каапырларга Аллах тозокту даярдап койгонун кабарлашты. Аллах Таала минтип айткан:﴿يَا بَنِي آدَمَ إِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ رُسُلٌ مِنْكُمْ ‌يَقُصُّونَ عَلَيْكُمْ آيَاتِي فَمَنِ اتَّقَى وَأَصْلَحَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ (٣٥) "Эй, адам баласы! Силерге өзүңөрдөн чыккан элчи келип, Менин аяттарымды айтып бергенде, ким такыба болуп, өзүн оңдосо, аларга коркунуч да, өкүнүч да болбойт.وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَاسْتَكْبَرُوا عَنْهَا أُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ﴾ Ал эми Биздин аяттарбызды жалганга чыгарып, ага (баш ийүүдөн) текеберленгендер тозоктун тургундары. Алар анда түбөлүк калышат!"(Аъраф, 35-36-аяттар). Аллах Таала минтип айткан:﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُمْ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ (٢١) «Эй адамдар! Силерди жана силерден илгеркилерди жараткан Жаратуучу Кожоюнуңарга ибадат кылгыла! (Ошондо) такыба болоорсуңар.الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ فِرَاشًا وَالسَّمَاءَ بِنَاءً وَأَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجَ بِهِ مِنَ الثَّمَرَاتِ رِزْقًا لَكُمْ فَلَا تَجْعَلُوا لِلَّهِ أَنْدَادًا وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ (٢٢) Ал силер үчүн жерди төшөк, асманды үй кылып берип, асмандан сууну түшүрүп, аны менен (түрлүү) мөмөлөрдү силерге ырыскы кылып чыгарды. Андыктан силер ошондой болгонун билип туруп, Аллахка (башка нерселерди) теңебегиле!وَإِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِمَّا نَزَّلْنَا عَلَى عَبْدِنَا فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِنْ مِثْلِهِ وَادْعُوا شُهَدَاءَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ (٢٣) Эгер силер, пендебизге (Мухаммадга) түшүргөнүбүзгө (Куранга) күмөндө болсоңор, ошонун дал өзүндөй бир гана сүрө келтиргилечи?! Дагы Аллахтан башка (колдоочу) күбөңөрдү да чакыргыла, эгер чынчыл болсоңор!فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا وَلَنْ تَفْعَلُوا فَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِي وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ (٢٤) Эгер мындай кыла албасаңар – негизи мындай кыла албайсыңар – анда отуну адамдар жана таштардан болуучу, каапырларга даярдалган тозоктон корккула!وَبَشِّرِ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ كُلَّمَا رُزِقُوا مِنْهَا مِنْ ثَمَرَةٍ رِزْقًا قَالُوا هَذَا الَّذِي رُزِقْنَا مِنْ قَبْلُ وَأُتُوا بِهِ مُتَشَابِهًا وَلَهُمْ فِيهَا أَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ وَهُمْ فِيهَا خَالِدُونَ﴾ Ыйман келтирип, ийги иш-амалдарды аткарган адамдарга, алар үчүн астынан дарыялары агып өткөн бейиш бактары болорун сүйүнчүлө! Аларга андагы жемиштерден ырыскы берилген сайын: «Бизге мурда да ушундай ырыскы берилген эле» - дешет. Аларга бири-бирине окшош мөмөлөр берилет. Алар үчүн бейиште аруу-таза жубайлар бар. Алар анда түбөлүккө калышат".(Бакара, 21-25-аяттар). Эмне үчүн көп сандагы элчилер жиберилген? Алла Таала элчи-пайгамбарларды ар бир үммөткө жиберген. Канча үммөт болсо, аларды Раббисине ибадат кылууга чакыруу үчүн, Анын буйрук жана тыюуларын жеткирүү үчүн анын баарына Аллах Таала элчи-пайгамбар жиберген. Алардын баарынын үгүт-чакырыгынын максаты бир: Жалгыз Аллахтын Өзүнө ибадат кылуу болгон. Кайсы бир үммөт пайгамбары алып келген нерсени таштап, динден алыстай баштаганда аларды оңдоо үчүн, адамдарды жалгыз Аллахка сыйынуу жана Ага баш ийүү ишеними болгон таза табиятка кайтаруу үчүн башка пайгамбарды жиберген. Ошентип Аллах Таала пайгамбарларды Мухаммад пайгамбар менен жыйынтыктады. Ал толук динди жана жалпы адамзатка кыяматка чейин кала турган, мурдагы шарияттарды толуктаган жана кээсин жокко чыгарган шариятты алып келди. Бул диндин кыямат күнгө чейин уланарын Алла Таала Өзү кепилдигине алды. Элчи-пайгамбарлардын баарына ишенмейинче адам ыймандуу болбойт. Элчилерди жиберген, бардык калайыкты Өзүнө баш ийүүгө буйруган бул - Аллах. Ким анын пайгамбарларынын бирөөсүнө ишенбесе, алардын баарына ишенбеген болот. Инсанга Аллахтын аян-кабарын четке кагуусунан өткөн чоң күнөө жок. Бейишке кирүүгө татыктуу болуу үчүн бардык элчи-пайгамбарларга ишеним болуусу зарыл. Бул заманда ар бир адамга Аллахка жана анын бардык пайгамбарларына ишенүү ваажыб. Ошондой эле акырет күнүнө ишенүү важыб. Бул ишеним алардын акыркысы жана жыйынтыктоочусу болгон Мухаммад пайгамбарга ишенүү менен гана болот. Ал түбөлүк калуучу мөөжиза Куранды алып келген. Кыямат күнгө чейин Куранды сактоону Аллах Өз кепилдигине алган. Аллах Таала Куранда ким Анын пайгамбарларынан бирөөн чанып, ага ишенбесе, ал Аллахтын аян-кабарын жалганга чыгарган каапыр болорун айткан:﴿إِنَّ الَّذِينَ يَكْفُرُونَ بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيُرِيدُونَ أَنْ ‌يُفَرِّقُوا ‌بَيْنَ ‌اللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيَقُولُونَ نُؤْمِنُ بِبَعْضٍ وَنَكْفُرُ بِبَعْضٍ وَيُرِيدُونَ أَنْ يَتَّخِذُوا بَيْنَ ذَلِكَ سَبِيلًا (١٥٠) Аллахка жана анын пайгамбарларына каапыр болгондор, Аллах менен пайгамбарларынын арасын ажыратууну каалап, “Кээ бирөөнө ишенип, кээ бирөөсүнө ишенбейбиз” дегендер жана эки анжы жолду карманууну каалагандар…أُولَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ حَقًّا وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا﴾ Мына ошолор анык каапырлар, Биз каапырларга жан кейиткен азапты даярдап койгонбуз".(Ниса, 150-151-аяттар). Ошон үчүн биз, мусулмандар Аллахка жана акырет күнүнө ишенебиз. Аллах Өзү буйругандай, Анын бардык пайгамбарларына жана китептерине ишенебиз. Аллах Таала минтип айткан:﴿آمَنَ الرَّسُولُ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مِنْ رَبِّهِ وَالْمُؤْمِنُونَ كُلٌّ آمَنَ بِاللَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْ رُسُلِهِ وَقَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ﴾ "Элчи анын өзүнө Раббисинен түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана момундардын баары Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине жана Анын элчилерине ыйман келтиришти. (Алар): "Элчилердин араларын ажыратпайбыз. Уктук жана моюн сундук. О, Раббибиз! Сенин кечиримиңди тилейбиз жана Сенин алдыңа кайтып барабыз" деп айтышты.(Бакара, 285-аят). Ыйык Куран деген эмне? Ыйык Куран Аллах Тааланын сөзү жана акыркы элчиси Мухаммадга түшүргөн аян-кабары. Пайгамбардын пайгамбарлыгынын чындыгына далил болгон эң чоң мөөжиза. Ыйык Курандын өкүмдөрү - акыйкат, кабарлары - чындык.Аллах Таала Куранды жалган дегендерге ал сыяктуу бир сүрө болсо да алып келгиле деп шарт койгон, бирок бирөө да андай кыла алган эмес. Анткени, анын мазмуну терең, инсанга тиешелүү бул дүйнөдөгү жана акыреттеги иштердин баарын камтыган китеп.Ошондой эле, инсан өзү менен Раббисинин, өзү менен өзүнүн жана өзү менен башка калайыктын ортосунда сактоосу же аткаруусу ваажыб болгон буйруктарды жана тыюуларды камтыйт. Мунун баары өтө жеткиликтүү баяндоо ыкмасы менен берилген.Мындай китепти түшүрүү адамзаттын колунан келбестигине, бул китеп адамзаттын Раббисинин сөзү экенине далил болгон көптөгөн илимий акыйкаттар жана акылга сыярлык далилдер бар. Ислам деген эмне? Ислам - бул, Жалгыз Аллахка өзүн тапшыруу, Ага таат кылып моюн сунуу, Анын шариятын ыраазылык жана кабыл кылуу менен аткаруу жана Аллахтан башка сыйынылган нерсенин баарына ишенбөө. Аллах Таала элчилердин бааарын бир рисала-дин менен жиберген, ал: Жалгыз Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуу, Аллахтан башка сыйынылган нерсенин баарына ишенбөө (каапыр болуу). Ислам - бардык пайгамбарлардын дини. Алардын даават-чакырыгы бир, шарияттары гана ар түрдүү болгон. Бугүнкү күндөгү мусулмандар бардык пайгамбарлар алып келген таза, туура динди карманган, бир Аллахка сыйынуу ишениминдеги адамдар. Азыркы замандагы Ислам дини акыйкат, бул Жаратуучунун адамзатка жиберген акыркы дини.Ибрахим, Муса, Иса пайгамбарларды жиберген Аллах элчилердин акыркысы Мухаммадды да жиберди. Ислам шарияты андан мурдагы шарияттардын күчүн жоготуучу болуп келди. Бүгүнкү күнү Исламдан башка дин деп айтылып адамдар ибадат кылып жаткан диндердин баары адамдар тарабынан пайда болгон диндер. Же Аллахтан эле келген динге адамдар кийлигишип, мифтердин жана ооздон-оозго өткөн уламыштардын аралашмасы жана адамдардын жеке пикири болуп калган. Ал эми мусулмандардын дини - бул, жалгыз, ачык-айкын эч качан өзгөрбөй турган дин. Алардын Аллахка арнаган ибадаттары да бир. Баары беш убак намаз окуйт, мал-мүлкүнөн зекет берет, Орозо айында орозо кармайт. Алардын мыйзамы ыйык Куран. Ал бардык өлкөлөрдө бир эле китеп. Аллах Таала минтип айткан:﴿ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗاۚ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ فِي مَخۡمَصَةٍ غَيۡرَ مُتَجَانِفٖ لِّإِثۡمٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ﴾ Бүгүн силердин диниңерди толук кылдым, жакшылыгымды кемчиликсиз кылып толуктадым жана силерге Исламдын дин болгонуна ыраазы болдум. Ал эми ким ачкалыктын каатына чыдабай (айтылган арамдардан) айласыз өзөк жалгап алса, Алла Кечиримдүү, Ырайымдуу".(Маида, 3-аят). Куранда Аллах Таала дагы минтип айткан:﴿قُلْ آمَنَّا بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ عَلَيْنَا وَمَا أُنْزِلَ عَلَى إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَالْأَسْبَاطِ وَمَا أُوتِيَ مُوسَى وَعِيسَى وَالنَّبِيُّونَ مِنْ رَبِّهِمْ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْهُمْ وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ (٨٤) Айткыла (О, ыймандуулар): “Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Исага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларбыз”.‌وَمَنْ ‌يَبْتَغِ ‌غَيْرَ ‌الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ﴾ Ким Исламдан башка динди кааласа, андан кабыл кылынбайт жана ал акыретте зыян тартуучулардан болуп калат».(Аали Имран, 84-85-аяттар). Ислам дини бут жашоону ороп алган тартип-жол. Ал акылга да, таза табиятка да дал келет. (Түшүнүгү) туура жандын баары аны кабылдайт. Аны калайыкка Улуу Жаратуучу шарият кылган. Ал бардык адамдардын дүйнө жана акыретине жакшылык жана бакыт тартуулоочу дин. Ал расанын расадан, түстү түстөн ажыратпаган дин. Анда адамдардын баары бирдей. Исламда адамдар бири-биринен жакшы иш-амалдарынын чени менен гана айырмаланат. Аллах Таала минтип айткан:(مَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَلَنُحۡيِيَنَّهُۥ حَيَوٰةٗ طَيِّبَةٗۖ وَلَنَجۡزِيَنَّهُمۡ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ) Эркек болобу же аялбы, ыйманга келип, андан кийин ийги иш-амалдарды жасаса, Биз аны (бул дүйнөдө) жакшы жашатабыз жана алардын (акыреттик) соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен кайтарабыз.(Нахл, 97-аят). Ислам - бактылуулуктун жолу Ислам жалпы пайгамбарлардын дини. Ал Аллахтын бардык адамдарга жиберген дини, араптарга гана тиешелүү дин эмес. Ислам бул дүйнөдөгү чыныгы бакыттын жана акыреттеги түгөнгүс нээмат-жакшылыктын жолу. Ислам рухтун да, дененин да муктаждыгын тойгуза алган, бардык көйгөй, мүшкүлдөрдү чечкен жалгыз дин. Аллах Таала минтип айткан:﴿قَالَ اهْبِطَا مِنْهَا جَمِيعًا بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّ فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ مِنِّي هُدًى فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلا يَضِلُّ وَلا يَشْقَى (123) «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда Бейиштен түшкүлө! Эми, (оо, инсандар) силерге менден туура жол (дин) келет. (Ошондо) ким менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт.وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾ Ал эми, ким менин зикиримден (Китебимден) жүз бурса, ага тар (оор) жашоо бар. Аны кыямат күнү сокур абалда тирилтебиз".(Таха, 123-124-аяттар). Исламга кирген адам эмне пайда табат? Исламга кирүүнүн көптөгөн чоң пайдалары бар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр: Аллахка кул болуу менен жеңишке, ийигиликке жана кадр-баркка жетет. А эгерде андай болбосо, анда шайтанга жана напсисине кул болот. Аллах анын күнөөлөрүн кечирет, ага ыраазы болот, аны бейишке киргизет, анын ыраазылыгы менен түбөлүктүү жакшылыкка ээ болот, тозоктун азабынан кутулат. Мунун баары анын акыреттеги утушу. Ыймандуу адам кыяматта пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер жана ийги иш-амал кылуучулар менен бирге болот. Бул кандай жакшы жолдоштук. Ал эми ким ыйманга келбесе, ал шайтан, күнөөкөр, бузуку жана жаман адамдар менен бирге болот. Аллах бейишке киргизген адамдар, алар түбөлүктүү жыргалда жашашат. Анда ооруу, өлүм, ыза, карылык, кайгы-капа болбойт. Алар эмнени кааласа, ошону алат. Ал эми тозокко киргендер аягы жок түбөлүк азапта калышат. Бейиште көз көрбөгөн, кулак укпаган, эч бир инсандын кыялына келбеген нерселер бар. Буга далил катары Аллах Таала минтип айткан:﴿مَنْ عَمِلَ صَالِحًا مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَى وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ ‌حَيَاةً ‌طَيِّبَةً وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ﴾ «Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз».(Нахл, 97-аят).Аллах Таала дагы мындай деген:﴿فَلَا تَعۡلَمُ نَفۡسٞ مَّآ أُخۡفِيَ لَهُم مِّن قُرَّةِ أَعۡيُنٖ جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ﴾ Эч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт.(Сажда, 17-аят). Исламдан баш тартсам эмнеден куру каламын? Мындай адамдар Аллахты билүү жана таануу деген эң зарыл илимден куру калат. Адамга бул дүйнөдө амандык жана бейпилдик, акыретте түбөлүктүү жакшылык тартуулай турган Аллахка болгон ыймандан куру калышат. Аллах Таала адамдарга түшүргөн ыйык китепти окуудан, ага ишенүүдөн куру калышат. Пайгамбарларга ишенүүдөн жана кыяматта алар менен бирге болуудан куру калат. Анын ордуна шайтандар, күнөөкөрлөр жана чектен чыккан жаман азгыруучулар менен бирге тозокто калат. Бул алар үчүн өтө жаман турак жана алар менен бирге болуучулар да өтө жаман. Аллах Таала минтип айткан:﴿قُلْ إِنَّ الْخَاسِرِينَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ وَأَهْلِيهِمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَلا ذَلِكَ هُوَ الْخُسْرَانُ الْمُبِينُ (15) "(Мухаммад!) Айткын: "Кыямат күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирген адамдар чыныгы зыян тартуучулар. Билип алгыла! Анык зыян тартуу мына ушул.لَهُمْ مِنْ فَوْقِهِمْ ظُلَلٌ مِنَ النَّارِ وَمِنْ تَحْتِهِمْ ظُلَلٌ ذَلِكَ يُخَوِّفُ اللَّهُ بِهِ عِبَادَهُ يَا عِبَادِ فَاتَّقُونِ﴾ Алар үчүн үстүлөрүнөн да, астыларынан да жалындуу көлөкөлөр бар. Аллах педелерин ушу менен коркутат. О, Пенделер! Менден корккула!"(Зумар, 15-16-аяттар). Ким акыретте кутулууну кааласа, ал Исламды кабыл кылсын жана Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарды ээрчисин. Бардык пайгамбарлар алып келген чындык ушул - акыретте Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кылган, бардык элчи-пайгамбарларга ишенгендер гана ийгиликке жетет. Элчи-пайгамбарларга ишенип, аларды ээрчиген ыймандуулардын баары тозоктон кутулуп, бейишке кирет. Муса пайгамбардын заманында жашаган, ага ишенип анын шариятын кармангандар ыймандуу, ийги, мусулмандар. Бирок Аллах Таала андан кийин Иса пайгамбарды жиберди, эми Муса пайгамбарды ээрчигендерге Иса пайгамбарга ишенүү жана аны ээрчүү важыб болду.Иса пайгамбарга ишенип, аны ээрчигендер ийги, мусулмандар. Ким Иса пайгамбардан баш тартып, Муса пайгамбардын эле дининде каламын десе, ал ыймандуу эмес. Анткени, ал Аллах жиберген пайгамбардан баш тартты.Андан кийин Аллах Таала акыркы пайгамбар Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиберди. Эми бардык адамдарга ага ишенүү важыб болду. Муса менен Исаны жиберген Аллах акыркы пайгамбар Мухаммадды жиберген да Өзү. Ким Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динине ишенбесе жана Мусанын же Исанын эле дининде кала берем десе, ал ыймандуу болуп эсептелбейт. Бирөөнүн мен мусулмандарды урматтаймын деген сөзү анын (тозоктон) кутулуусуна жетиштүү болбойт. Садага берүү, жарды-жармачтарга жардам берүү акыретте ийгиликке жетүүгө жетиштүү болбойт. Арийне андан (жакшы иштерин) Аллах кабыл кылуусу үчүн Аллахка, Анын китептерине, элчилерине, акырет күнүнө ишенүү зарыл. Мында ширктен, Аллахка ишенбөөчүлүктөн, Аллах түшүргөн аян-кабарды четке кагуудан же пайгамбарларынын акыркысы Мухаммаддын пайгамбарлыгынан баш тартуудан өткөн чоң күнөө жок. Мухаммад пайгамбардын пайгамбарлыгын уккан жөөттөр, христиандар жана башкалар ага ишенүүдөн жана Ислам динине кирүүдөн баш тартса, анда түбөлүк тозокто калышат. Бул Аллахтын өкүмү, кайсы бир адамдын өкүмү эмес. Аллах Таала минтип айткан:﴿إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَالْمُشْرِكِينَ فِي نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ أُولَـٰئِكَ هُمْ شَرُّ الْبَرِيَّة﴾ "Китеп берилгендерден жана мушриктерден (Мухаммадга) каапыр болгондору тозоктун отунда түбөлүк калышат. Мына ошолор тирүү жандардын эң жамандары".(Баййина, 6-аят). Кыскасын айтканда, адамзатка Аллахтын акыркы дини келди. Исламды, Мухаммад пайгамбардын пайгамбарлыгын уккан ар бир инсанга - ага ишенүү, анын шариятын кармануу, буйрук жана тыюусуна баш ийүү важыб болот. Ошон үчүн бул акыркы пайгамбарлыкты угуп туруп андан баш тарткан адамдын эч бир иш-амалы кабыл кылынбайт жана акыретте азапка кириптер болот. Аллахтын төмөнкү сөздөрү буга айкын далил:﴿‌وَمَنْ ‌يَبْتَغِ ‌غَيْرَ ‌الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ﴾ «Ким Исламдан башка динди кааласа, андан кабыл кылынбайт жана ал акыретте зыян тартуучулардан болуп калат».(Аали Имран, 85-аят). Аллах Таала айткан:﴿قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ تَعَالَوْا إِلَى كَلِمَةٍ سَوَاءٍ بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ أَلَّا نَعْبُدَ إِلَّا اللَّهَ وَلَا نُشْرِكَ بِهِ شَيْئًا وَلَا يَتَّخِذَ بَعْضُنَا بَعْضًا أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَقُولُوا اشْهَدُوا بِأَنَّا مُسْلِمُونَ﴾ Айткын: “О, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө келгиле.* (Ал сөз төмөндөгүчө:) “Аллахтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллахты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!” Эгер жүз бурушса, айткыла: “Күбө болгула, Биз – мусулмандарбыз”.(Аали Имран, 64-аят). Мусулман болуу үчүн эмне кылуум керек? Исламга кирүү үчүн ыймандын төмөнкү алты түркүгүнө ишенүү важыб болот: Аллах Таалага, Ал Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Башкаруучу, Падыша экенине, Анын жубайы да, баласы да жок экенине, Ал жалгыз ибадатка татыктуу экенине, Ага кошуп башкага ибадат кылууга болбостугуна ыйман келтирип ишенүү. Андан башкага жасалган ибадаттын баары жараксыз экенине ишенүү. Периштелер Аллахтын пенделери экенине, аларды нурдан жараткандыгына, алардын аткарган иштеринин бири пайгамбарларга аян-кабар алып түшүү экенине ишенүү. Аллах Таала пайгамбарларына түшүргөн бардык китептерге (Өзгөртүлбөгөн Тоорот менен Инжилге), алардын акыркысы болгон ыйык Куранга ишенүү. Нух, Ибрахим, Муса, Иса сыяктуу бардык пайгамбарларга жана алардын акыркысы Мухаммадга, алардын баары адам баласы экенине, аларга аян-кабар түшүргөнүнө, алардын чын экенине далил болгон мөөжиза, белгилерди бергенине ишенүү. Аллах Таала илгерки жана кийинкилерди тирилтип, калайыкка өкүм чыгарып, ыймандууларды бейишке, каапырларды тозокко киргизе турган кыямат күнүнө ишенүү. Тагдырга, Аллах Таала өтмүштө болгонду да, келечекте болорду да билерине, аларды билип, жазып, каалап, бардык нерсени жаратарына ишенүү. Чечим чыгаруудан кеч калба! Дүйнө түбөлүктүү жай эмес Жакында анын бардык кооздуугу соолуп, бардык ырахаты түгөнөт Жакында инсан ар бир кылган ишине эсеп бере турган күн келет. Бул кыямат күнү. Аллах Таала минтип айткан:﴿وَوُضِعَ الْكِتَابُ فَتَرَى الْمُجْرِمِينَ مُشْفِقِينَ مِمَّا فِيهِ وَيَقُولُونَ يَا وَيْلَتَنَا مَالِ هَذَا الْكِتَابِ لاَ يُغَادِرُ صَغِيرَةً وَلاَ كَبِيرَةً إِلاَّ أَحْصَاهَا وَوَجَدُوا مَا عَمِلُوا حَاضِرًا وَلاَ يَظْلِمُ رَبُّكَ أَحَدًا﴾ "Анан амал китеп берилет. Күнөөкөрлөрдү андагы иштеринен коркуп жатканын көрөсүң. Алар: “Шорубуз курусун! Бул эмне китеп, кичинесин да, чоңун да калтырбай тизмектеп жазыптыр” дешет. Кылган иштерин ошол китептен даяр табышат. Раббиң эч кимге зулумдук кылбайт".(Кахф, 49-аят). Аллах Таала мусулман бобогон адамдын барар жери түбөлүктүү тозок экенин кабарлаган. Андагы зыян жеңил эмес, өтө оор болот. Аллах Таала минтип айткан:﴿وَمَن يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَن يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ﴾ «Ким Исламдан башка динди кааласа, андан кабыл кылынбайт жана ал акыретте зыян тартуучулардан болуп калат».(Аали Имран, 85-аят). Ислам - бул, Аллах Таала андан башка диндерди кабыл кылбаган жалгыз дин. Бизди Аллах жаратты, Ага кайтып барабыз. Бул дүйнө жашоосу бизге сыноо. Инсан бул дүйнөнүн түш сыяктуу кыска экенине, эч ким качан өлөрүн билбестигине бөркүндөй ишенсин. Эртең кыямат күнү Жаратуучусу: Эмне үчүн акыйкат жолго түшпөдүң? Эмнеге акыркы пайгамбарды ээрчибедиң? - деп сураганда, кандай жооп берерин ойлосун. Кыямат күнү Раббиңе эмне деп жооп бересиң? Ал Исламда каапырлыкты ээрчүдөн эскертип, каапырлардын барар жери түбөлүк тозоктогу азап экенин айтты го! Аллах Таала минтип айткан:﴿وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ﴾ "Биздин аяттарыбызга каапыр болуп, жалганга чыгаргандар, мына ошолор тозоктун тургундары, алар анда түбөлүк калышат".(Бакара, 39-аят). Акыйкатты танып, ата-бабасынын жолун жолдоо эч кандай үзүр-шылтоо боло албайт. Адамдардын көбү өздөрү жашап жаткан чөйрөдөн этияттап Исламга кирүүдөн баш тартарын Аллах Таала бизге кабарлаган. Көпчүлүк адамдар ата-бабасынан мурас калган же чөйрөсүндөгүлөрдөн көрүп, ага көнүп алган ишенимдерин өзгөртүүгө кызыкпаганы үчүн эле Исламга кирүүдөн баш тартып жүрүшөт. Көпчүлүгүн сокур ээрчүү жана жалганга ишенүү динге кирүүдөн тыйып турат. Мунун баары аларга үзүр-шылтоо боло албайт. Алар Аллахтын алдында эч кандай далилдери жок тура турган күн келет. Атеистке "мен атеисттин үй-бүлөсүндө туулуп өстүм, ошон үчүн атеист боюнча калам" деген шылтоо жарабайт! Ал Аллах берген акылын иштетип, жети кат асман менен жерге акыл жүгүртүшү керек эле. Бул жаратылыштын Жаратуучусу бардыгын сезүү үчүн, Аллах берген акылы менен пикир кылуусу керек болчу.Ошондой эле ташка, буркандарга сыйынып жүргөндөргө да, ата-бабасынын жолун карманганы үзүр-шылтоо боло албайт. Алар да кантип эле ушул мени укпаган, көрбөгөн, эч кандай пайда бербеген жансыз заттарга сыйынам деп, акыйкатты издеши керек эле. Ошондой эле, таза табиятка жана акылга туура келбеген иштерге ишенип жүргөн христиандар да: Кантип эле кудай өзү эч кандай кылмыш кылбаган баласын башка бирөөлөрдүн кылмышы үчүн өлтүрүп койсун? Бул залымдык эмеспи? Кантип эле адамдар кудайдын баласын ача жыгачка керип өлтүрө алышсын? Кудай алардын күнөөсүн баласын өлтүрүү аркылуу эмес, жөн эле кечирип жиберсе болбойт беле? Өзүнүн баласын куткарып калууга кудайдын кудурети жетпейби? - деген суроолорду өзүнө бериши керек болчу. Негизи келип акылдуу адамга акыйкатты эрчүү важыб. Ата-бабасынан калган батылга фанат болуу жарабайт. Аллах Таала минтип айткан:﴿وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَى مَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ قَالُوا حَسْبُنَا مَا وَجَدْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا أَوَلَوْ كَانَ آبَاؤُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ شَيْئًا وَلَا يَهْتَدُونَ﴾ "Эгер аларга: “Аллах түшүргөнгө (Куранга) жана элчиге келгиле” деп айтылса, алар: “Ата-бабаларыбызды тапкан жол бизге жетет” дешет. Ата-бабалары эч нерсени билбесе жана туура жолго түшпөсө да..."(Мааида, 104-аят). Исламды кабыл алууну каалап, бирок жакындарынын зыянынан корккон адам эмне кылуусу керек? Исламды кабыл кылгысы келип, бирок чөйрөсүнөн корккон адам, Исламды кабыл кылып, бирок анысын качан Аллах ага жеңилдик берип, ачыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк болгонго чейин жашыруун карманып турса болот. Адамга мүмкүн болушунча батыраак мусулман болуу зарыл. Бирок ага кандайдыр бир зыян тие турган болсо, динди кабыл кылганын жарыялоонун зарылчылыгы жок. Адам Исламды кабыл кылганда, ал миллиондогон мусулмандарга бир тууган болот. Ага өзү жашаган жердеги мечитке же Ислам борборлоруна кайрылууга мүмкүнчүлүк бар. Аларга кайрылып, кеңеш, жардам сураса, алар аны жардамсыз калтырбайт. Аллах Таала минтип айткан:﴿وَمَنْ يَتَّقِ اللَّهَ يَجْعَلْ لَهُ مَخْرَجًا "Ким Аллахка такыба болсо, анын жолун ачып койот.وَيَرْزُقْهُ مِنْ حَيْثُ لَا يَحْتَسِب﴾ Ошондой эле ага оюна келбеген жактан ырыскы берет".(Талак, 2-3-аяттар). Урматтуу окурман! Бизге бардык жакшылыкты ыроолоп, энебиздин ичинде жатканда азыктандырып, азыр болсо бекер аба менен дем алдырып жаткан Жаратуучу Аллахтын ыраазылыгы адамдардын ыраазылыгына караганда маанилүү эмеспи? Дүйнө жана акыреттин бактысы, жеңиши - убактылуу жашоонун кызыкчылыктарын курмандык кылууга татыктуу эмеспи? Ошон үчүн адам өзүнүн өтмүшү анын каталарын оңдоосуна ж

Бул жаратылышты ким жараткан? Мени ким жараткан? Эмне үчүн жараткан?

Мен туура жолдо бара жатамбы?

Асмандар менен жерди жана алардын ортосундагы биз акылга сыйдыра албаган үлкөн макулуктарды ким жаратты?

Асман жердеги так жана татаал түзүлүштөрдү ким түзгөн?

Инсанды ким жаратты, ага угуу, көрүү касиеттерин, акылды ким берди? Аны акыйкатка жетүүгө, чындыкты көрүүгө ким жөндөмдүү кылды?

Дене мүчөлөрүңдөгү мындай чебер, так жаратууну ким баштаган жана келбетиңди кооз кылып ким жараткан?

Жаратылыштын ар түрдүүлүгүнө карап көрчү, мындай чеги жок көрүнүштү жоктон бар кылып жараткан ким ?

Бул жаратылыш жылдар бою өзүнүн так, чебер мыйзамдарын кантип өзгөртпөй сактап келе жатат?

Бул ааламды башкарган мыйзам-системаны ким койгон (өмүр менен өлүм, тирүүлөрдүн жашоосу, түн менен күн, жыл-мезгилдеринин өзгөрүүсү, ж.б.у.с.)?

Бул жаратылыш өзүн-өзү жараттыбы? Же жоктон бар болуп калдыбы? Же кокустан эле табылып калдыбы? Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:﴿أَمْ خُلِقُوا مِنْ غَيْرِ شَيْءٍ أَمْ هُمُ الْخَالِقُونَ (٣٥) "Алар эч нерсесиз жаратылыштыбы же алардын өздөрү жаратуучубу?أَمْ خَلَقُوا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بَلْ لَا يُوقِنُونَ﴾ Же асмандар менен жерди (алар) жараттыбы?! Жок! Алар анык ишенишпейт!"(Тур, 35-36-аяттар).

Эгер өзүбүздү өзүбүз жаратпасак, жоктон бар болуп калуу жана кокустан табылып калуу мүмкүн болбосо, демек анда эч кандай шек-күмөнү жок бир чындык бар: бул жаратылыштын чексиз Кудуреттүү Жаратуучусу бар. Анткени, бул жаратылыш өзүн-өзү жаратуусу, жоктон бар болуп калуусу жана кокустан табылып калуусу мүмкүн эмес эле!

Эмне үчүн инсан өзүнүн көзүнө көрүнбөгөн нерселердин бар экенине ишенет? Мисалы: кабылдоо, акыл, жан, сезүү, сүйүү, ж.б. Алардын бар экендигинин белги-издерин көрүп жаткандыгынан эмеспи? Инсан Анын жаратылышында, чеберчилик менен жасоосунда, ырайымында жаратуучунун бар экендигинин белги-изин көрүп туруп, бул жаратылыштын Жаратуучусу бар экенин кантип танат?

Мына ушул имаратты эч ким курбай эле, өзүнөн-өзү пайда болуп калган десең, же жоктук бул жайды пайда кылган десең, эч бир акылдуу жан ага ишенбейт. Анан кантип кээ бир адамдар бул жаратылыш жаратуучусу жок, өзүнөн-өзү пайда болгон деген сөзгө ишенет? Акылдуу адам: жаратылыштын мындай так мыйзамдары кокустан эле пайда болуп калган дегенди түк кабыл кыла албайт.

Бул суроолордун баары бизге бир жыйынтыкты алып келет, бул - жаратылыштын улуу, кудуреттүү, башкаруучу Раббиси бар деген жыйынтык. Мына ошол Рабби ибадат кылууга татыктуу. Андан башкага кылынган ибадаттын баары жараксыз, алар ибадатка татыктуу эмес.

Улуу Жаратуучу Рабби

Раббибиз Жалгыз Жаратуучу, Ал - тирилтүүчү жана өлтүрүүчү, Ырыскы берүүчү, Башкаруучу Өкүмдар. Ал жерди жаратып, баш ийдирип койгон. Жерди бардык жаратылгандарга ылайыктуу турак кылган. Ал жети кат асманды жана андагы үлкөн макулуктарды жаратты. Күн менен айды, түн менен күндүздү тизмектеп койду. Ушул кылдат мыйзамдар Анын Улуулугун айгинелеп турат.

Ал - бизге ансыз жашоого мүмкүн болбогон абаны баш ийдирип койду. Ал - бизге асмандан жамгыр жаадырып, дарыя, деңиздерди моюн сундурду. Ал - биз эненин ичинде күч-кубатсыз түйүлдүк болуп жатканда бизди азыктандырып, сактады. Ал - биз төрөлгөндөн өлгөнгө чейин кан тамырларыбызда канды айландырып турат.

Бул Ырыскы берүүчү, Жаратуучу Рабби - кемчиликсиз, Аллах Таала.

Аллах Таала минтип айткан:﴿إِنَّ رَبَّكُمُ اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَى عَلَى الْعَرْشِ يُغْشِي اللَّيْلَ النَّهَارَ يَطْلُبُهُ حَثِيثًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ وَالنُّجُومَ مُسَخَّرَاتٍ بِأَمْرِهِ أَلَا لَهُ الْخَلْقُ وَالْأَمْرُ تَبَارَكَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ﴾ "Чынында силердин Раббиңер Аллах. Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Андан соң аршка көтөрүлдү. Ал түндүн караңгылыгы менен күндүздү каптайт жана түн күндүздү ээрчип жүрөт. Күн, Ай жана жылдыздар Анын буйругуна баш ийет. Жаратуу жана башкаруу Ага гана таандык эмеспи?! Ааламдардын Раббиси Аллах улук болду".(Аъраф, 54-аят).

Аллах - Ал, биз жаратылышта көрүп жаткан жана көрө албаган нерселердин баарынын Жаратуучусу. Ал Өзү Жалгыз ибадат кылууга татыктуу. Аны менен бирге эч нерсеге ибадат кылынбайт. Анын жаратуусунда, башкаруусунда, мүлкүндө же ибадатында Ага теңдеше турган шерик жок.

Эгер Улук Рабби менен бирге башка кудай бар деген талашка келсек, анда жаратылыш мыйзамдары бузулуп кетмек; анткени, жаратылыш мыйзамын бир убакта эки кудай башкаруусу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:{لَوْ كَانَ فِيهِمَا آلِهَةٌ إِلَّا اللَّهُ لَفَسَدَتَا} "Эгер ал экөөндө (асман менен жерде) Аллахтан башка кудайлар болсо, экөө тең бузулуп кетет эле".(Анбия, 22-аят).

Жаратуучу Раббинин сыпаттары

Кемчиликсиз Аллахтын эсеп жетпеген көркөм ысымдары бар. Анын кемчиликсиз,толук экенине далил болгон көптөгөн улук сыпаттары бар. Анын ысымдарынын бири "Аллах", мааниси: ибадат кылууга татыктуу, эч кандай шериги жок Жалгыз Кудай. Ал Тирүү, Түбөлүктүү, Ырайымдуу, Ырыскы берүүчү, Берешен.

Аллах Таала ыйык Куранда минтип айткан:﴿اللَّهُ لا إِلَهَ إِلَّا هُوَ الْحَيُّ الْقَيُّومُ لا تَأْخُذُهُ سِنَةٌ وَلا نَوْمٌ لَهُ مَا فِي السَّمَوَاتِ وَمَا فِي الأَرْضِ مَنْ ذَا الَّذِي يَشْفَعُ عِنْدَهُ إِلَّا بِإِذْنِهِ يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلا يُحِيطُونَ بِشَيْءٍ مِنْ عِلْمِهِ إِلَّا بِمَا شَاءَ وَسِعَ كُرْسِيُّهُ السَّمَوَاتِ وَالأَرْضَ وَلا يَئُودُهُ حِفْظُهُمَا وَهُوَ الْعَلِيُّ الْعَظِيمُ﴾ Аллах – Андан башка ибадатка татыктуу кудай жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып Туруучу. Ал үргүлөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баары Ага тандык. Эч ким Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча шапаат-колдоо көрсөтө албайт. Ал алардын келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билбейт. Анын Курсийи асмандар жана жерди камтып турат. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал Бийик жана Улуу!(Бакара, 255-аят).

Аллах Таала дагы минтип айткан:﴿قُلْ هُوَ اللَّهُ أَحَدٌ (١) «Айт! (эй, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз.اللَّهُ الصَّمَدُ (٢) Аллах – эч кимге муктаж эмес.لَمْ يَلِدْ وَلَمْ يُولَدْ (٣) Ал төрөбөгөн жана төрөлбөгөн.وَلَمْ يَكُنْ لَهُ كُفُوًا أَحَدٌ﴾ Жана эч ким Ага тең эмес".(Ихлас, 1-4-аяттар).

Ибадатка татыктуу Раббибиз жеткиликтүү толук сыпаттар менен сыпатталат.

Анын сыпаттарынын бири - Ал ибадатка татыктуу Кудай, Андан башканын баары жаратылган, моюнуна жүктөлгөн, буйрулган, мажбур кылынган.

Сыпаттарынын дагы бири ал - Түбөлүк туруучу Тирүү, бул барлыктагы бардык тирүү жанга Аллах тирүүлүк берген жана жоктон бар кылган. Раббибиз - Тирүү, өлбөйт, жок болуп кетүү Ага ылайык эмес. Дайыма туруучу, уктабайт, анда уйку да, уйкусуроо да болбойт.

Анын сыпаттарынын дагы бири - Билүүчү, асманда да, жерде да Ага эч нерсе жашыруун болуп билинбей калбайт.

Анын сыпаттарынын дагы бири - Угуучу, Көрүүчү, бардык нерсени угат, бардык жаратылгандарды көрүп турат. Напсинин азгырыктарын да, дилге жашырылган нерсени да билет. Асманда да, жерде да Ага билинбей калган нерсе болбойт.

Анын сыпаттарынын бири - Кудуреттүүлүгү, Анын кудурети жетпеген нерсе болбойт, Анын каалоосун эч ким кайтара албайт. Каалаганын аткарат, каалаганын тыят, кааласа алдыга жылдырат, кааласа кечиктирет. Анын даанышмандыгы жеткиликтүү.

Анын сыпаттарынын бири - Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Башкаруучу, ал макулуктарды жаратып, башкарып турат. Бүт калайык Анын чеңгелинде, Анын мажбурлоосуна баш ийет.

Анын сыпаттарынын бири - Ал жалбарганга жооп берет, муктажга жардам берет, кыйынчылыкты кетирет. Калайыктын баары кыйынчылыкка, кыжаалатчылыкка кабылганда Ага жүздөнүп жалбарат.

Ибадат Аллахка гана багышталат. Ибадатка Ал гана толук татыктуу, Андан башкалар татыктуу эмес. Андан башка сыйынылып жаткан нерсенин баары жалган, жараксыз сыйынылган нерселер. Алар кемчиликтүү, өлө турган же жок болуп кете турган нерселер.

Аллах бизге Анын улуулугун сезе турган акыл берди. Жакшылыкты жактырып, жамандыкты жек көрө турган жана ааламдардын Раббисине кайрылганда тынчтана турган таза табият берди. Бул таза табият Анын кемчиликсиз, толук экенине далил, анткени Ал кемчиликтүү сыпат менен сыпатталуусу мүмкүн эмес.

Кемиликсиз, толукка гана ибадат кылуу акылга сыярлык иш. Өзү сыяктуу же өзүнөн да төмөн макулукка кантип сыйынууга болсун?

Ибадат кылына турган нерсе адам, таш-буркан, бак-дарак жана жан-жаныбар болуусу мүмкүн эмес.

Раббибиз асмандардан бийик, Аршынын үстүнө көтөрүлгөн, калайыгынан өзгөчө. Анын затында ал жараткан макулуктарына окшоштук жок, ал жараткан макулуктарында Анын затына окшоштук жок. Жаратылгандарындай болуп кейиптелбейт.

Раббибиз - Ага окшош эч нерсе жок, Ал Угуучу, Көрүүчү. Ага эч бир теңдеш жок. Ал жаратылгандарга муктаж эмес. Уктабайт, тамактанбайт. Ал Улуу, Анда жубай же бала болуусу ылайык эмес. Жаратуучунун улук сыпаттары бар, эч качан муктаждык же жетишпестик менен сыпатталуусу мүмкүн эмес.

Аллах Таала минтип айткан:﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ ضُرِبَ مَثَلٌ فَاسْتَمِعُوا لَهُ إِنَّ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَنْ يَخْلُقُوا ذُبَابًا وَلَوِ اجْتَمَعُوا لَهُ وَإِنْ يَسْلُبْهُمُ الذُّبَابُ شَيْئًا لَا يَسْتَنْقِذُوهُ مِنْهُ ضَعُفَ الطَّالِبُ وَالْمَطْلُوبُ (٧٣) "Эй, адамдар! Бул салыштырууну угуп алгыла: Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан "кудайлар" баары чогулса да бир чымынды жарата албайт. Чымын алардан бир нерсени тартып алса, аны андан куткара алышпайт. Тилегендер да, тилек багытталгандар да алсыз".مَا قَدَرُوا اللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾ "Алар Аллахтын кадырын кадырлай албады. Чынында, Кубаттуу да, Кудуреттүү да – Аллах".(Хаж, 73-74-аяттар).

Улуу Жаратуучу бизди эмне үчун жараткан? Ал бизден эмнени каалайт?

Аллах бул макулуктарды максатсыз эле жаратып койгон деп айтуу акылга сыябы? Ал Өзү Даанышман, Билүүчү болуп туруп (бизди) жөн эле жаратып койобу?

Бизди ушундай тактык, чеберчилик менен жаратып, бизге жети кат асман менен жердегинин баарын моюн сундуруп койгон Аллах, бизди эч кандай максатсыз эле жаратып, "Биз эмне үчүн жаратылдык? Өлүмдөн кийин эмне болот? Жаратылуудагы максатыбыз эмне?" деген сыяктуу бизди түйшөлткөн суроолорубузду жоопсуз калтырып коюусу акылга сыябы?

Заалымдарга жаза, жакшылык кылуучуларга сыйлык берилбей калуусу акылга сыярлык ишпи?

Аллах Таала минтип айткан:﴿أَفَحَسِبْتُمْ أَنَّمَا خَلَقْنَاكُمْ عَبَثًا وَأَنَّكُمْ إِلَيْنَا لَا تُرْجَعُونَ﴾ «Биз силерди бекерге (максатсыз) эле жараткан жана Бизге кайтарылып келбейбиз деп ойлойсуңарбы?»(Муминун, 115-аят).

Андай эмес. Аллах Таала биз жаратылуудагы максатыбызды билүүбүз үчүн бизге пайгамбарларды жиберди. Алар бизге кантип ибадат кылып, кантип Ага жакындоону үйрөттү. Ал бизден эмнени кааларын, Анын ыраазылыгына кантип жетүүнү жана өлүмдөн кийин эмне болорубузду кабарлап айтышты.

Аллах Өзү гана ибадатка татыктуу экенин кабарлоо үчүн, кандай ибадат кылууну үйрөтүү үчүн, Анын буйруктарын жана тыюуларын бизге жетирүү үчүн бизге пайгамбарларды жиберди. Пайгамбарлар бизге, биз аны аткарсак жашообуз жакшылык жана берекеге толо турган ийги баалуулуктарды үйрөттү.

Аллах Таала көптөгөн пайгамбарларды жиберди, мисалы: Нух, Ибрахим, Муса, Иса, ж.б. Аларга алардын Аллахтын чыныгы элчиси экенине далил боло турган мөөжиза, аят-белгилерди берди. Пайгамбарлардын акыркысы Мухаммад пайгамбарыбыз болду.

Элчи-пайгамбарлар бизге бул дүйнө жашоосу сыноо үчүн экенин, чыныгы жашоо өлүмдөн кийин болорун ачык-айкын кабарлап беришкен.

Өлүмдөн кийинки жашоодо, эч шериги жок жалгыз Аллахка ибадат кылган, бардык элчи-пайгамбарларга ишенген ыймандууларга бейиш бар экени, ал эми Аллахтан башкага сыйынган каапырларга же Анын элчилеринен кайсы бирине ишенбеген каапырларга Аллах тозокту даярдап койгонун кабарлашты.

Аллах Таала минтип айткан:﴿يَا بَنِي آدَمَ إِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ رُسُلٌ مِنْكُمْ يَقُصُّونَ عَلَيْكُمْ آيَاتِي فَمَنِ اتَّقَى وَأَصْلَحَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ (٣٥) "Эй, адам баласы! Силерге өзүңөрдөн чыккан элчи келип, Менин аяттарымды айтып бергенде, ким такыба болуп, өзүн оңдосо, аларга коркунуч да, өкүнүч да болбойт.وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَاسْتَكْبَرُوا عَنْهَا أُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ﴾ Ал эми Биздин аяттарбызды жалганга чыгарып, ага (баш ийүүдөн) текеберленгендер тозоктун тургундары. Алар анда түбөлүк калышат!"(Аъраф, 35-36-аяттар).

Аллах Таала минтип айткан:﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُمْ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ (٢١) «Эй адамдар! Силерди жана силерден илгеркилерди жараткан Жаратуучу Кожоюнуңарга ибадат кылгыла! (Ошондо) такыба болоорсуңар.الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ فِرَاشًا وَالسَّمَاءَ بِنَاءً وَأَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجَ بِهِ مِنَ الثَّمَرَاتِ رِزْقًا لَكُمْ فَلَا تَجْعَلُوا لِلَّهِ أَنْدَادًا وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ (٢٢) Ал силер үчүн жерди төшөк, асманды үй кылып берип, асмандан сууну түшүрүп, аны менен (түрлүү) мөмөлөрдү силерге ырыскы кылып чыгарды. Андыктан силер ошондой болгонун билип туруп, Аллахка (башка нерселерди) теңебегиле!وَإِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِمَّا نَزَّلْنَا عَلَى عَبْدِنَا فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِنْ مِثْلِهِ وَادْعُوا شُهَدَاءَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ (٢٣) Эгер силер, пендебизге (Мухаммадга) түшүргөнүбүзгө (Куранга) күмөндө болсоңор, ошонун дал өзүндөй бир гана сүрө келтиргилечи?! Дагы Аллахтан башка (колдоочу) күбөңөрдү да чакыргыла, эгер чынчыл болсоңор!فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا وَلَنْ تَفْعَلُوا فَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِي وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ (٢٤) Эгер мындай кыла албасаңар – негизи мындай кыла албайсыңар – анда отуну адамдар жана таштардан болуучу, каапырларга даярдалган тозоктон корккула!وَبَشِّرِ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ كُلَّمَا رُزِقُوا مِنْهَا مِنْ ثَمَرَةٍ رِزْقًا قَالُوا هَذَا الَّذِي رُزِقْنَا مِنْ قَبْلُ وَأُتُوا بِهِ مُتَشَابِهًا وَلَهُمْ فِيهَا أَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ وَهُمْ فِيهَا خَالِدُونَ﴾ Ыйман келтирип, ийги иш-амалдарды аткарган адамдарга, алар үчүн астынан дарыялары агып өткөн бейиш бактары болорун сүйүнчүлө! Аларга андагы жемиштерден ырыскы берилген сайын: «Бизге мурда да ушундай ырыскы берилген эле» - дешет. Аларга бири-бирине окшош мөмөлөр берилет. Алар үчүн бейиште аруу-таза жубайлар бар. Алар анда түбөлүккө калышат".(Бакара, 21-25-аяттар).

Эмне үчүн көп сандагы элчилер жиберилген?

Алла Таала элчи-пайгамбарларды ар бир үммөткө жиберген. Канча үммөт болсо, аларды Раббисине ибадат кылууга чакыруу үчүн, Анын буйрук жана тыюуларын жеткирүү үчүн анын баарына Аллах Таала элчи-пайгамбар жиберген. Алардын баарынын үгүт-чакырыгынын максаты бир: Жалгыз Аллахтын Өзүнө ибадат кылуу болгон. Кайсы бир үммөт пайгамбары алып келген нерсени таштап, динден алыстай баштаганда аларды оңдоо үчүн, адамдарды жалгыз Аллахка сыйынуу жана Ага баш ийүү ишеними болгон таза табиятка кайтаруу үчүн башка пайгамбарды жиберген.

Ошентип Аллах Таала пайгамбарларды Мухаммад пайгамбар менен жыйынтыктады. Ал толук динди жана жалпы адамзатка кыяматка чейин кала турган, мурдагы шарияттарды толуктаган жана кээсин жокко чыгарган шариятты алып келди. Бул диндин кыямат күнгө чейин уланарын Алла Таала Өзү кепилдигине алды.

Элчи-пайгамбарлардын баарына ишенмейинче адам ыймандуу болбойт.

Элчилерди жиберген, бардык калайыкты Өзүнө баш ийүүгө буйруган бул - Аллах. Ким анын пайгамбарларынын бирөөсүнө ишенбесе, алардын баарына ишенбеген болот. Инсанга Аллахтын аян-кабарын четке кагуусунан өткөн чоң күнөө жок. Бейишке кирүүгө татыктуу болуу үчүн бардык элчи-пайгамбарларга ишеним болуусу зарыл.

Бул заманда ар бир адамга Аллахка жана анын бардык пайгамбарларына ишенүү ваажыб. Ошондой эле акырет күнүнө ишенүү важыб. Бул ишеним алардын акыркысы жана жыйынтыктоочусу болгон Мухаммад пайгамбарга ишенүү менен гана болот. Ал түбөлүк калуучу мөөжиза Куранды алып келген. Кыямат күнгө чейин Куранды сактоону Аллах Өз кепилдигине алган.

Аллах Таала Куранда ким Анын пайгамбарларынан бирөөн чанып, ага ишенбесе, ал Аллахтын аян-кабарын жалганга чыгарган каапыр болорун айткан:﴿إِنَّ الَّذِينَ يَكْفُرُونَ بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيُرِيدُونَ أَنْ يُفَرِّقُوا بَيْنَ اللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيَقُولُونَ نُؤْمِنُ بِبَعْضٍ وَنَكْفُرُ بِبَعْضٍ وَيُرِيدُونَ أَنْ يَتَّخِذُوا بَيْنَ ذَلِكَ سَبِيلًا (١٥٠) Аллахка жана анын пайгамбарларына каапыр болгондор, Аллах менен пайгамбарларынын арасын ажыратууну каалап, "Кээ бирөөнө ишенип, кээ бирөөсүнө ишенбейбиз" дегендер жана эки анжы жолду карманууну каалагандар…أُولَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ حَقًّا وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا﴾ Мына ошолор анык каапырлар, Биз каапырларга жан кейиткен азапты даярдап койгонбуз".(Ниса, 150-151-аяттар).

Ошон үчүн биз, мусулмандар Аллахка жана акырет күнүнө ишенебиз. Аллах Өзү буйругандай, Анын бардык пайгамбарларына жана китептерине ишенебиз. Аллах Таала минтип айткан:﴿آمَنَ الرَّسُولُ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مِنْ رَبِّهِ وَالْمُؤْمِنُونَ كُلٌّ آمَنَ بِاللَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْ رُسُلِهِ وَقَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ﴾ "Элчи анын өзүнө Раббисинен түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана момундардын баары Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине жана Анын элчилерине ыйман келтиришти. (Алар): "Элчилердин араларын ажыратпайбыз. Уктук жана моюн сундук. О, Раббибиз! Сенин кечиримиңди тилейбиз жана Сенин алдыңа кайтып барабыз" деп айтышты.(Бакара, 285-аят).

Ыйык Куран деген эмне?

Ыйык Куран Аллах Тааланын сөзү жана акыркы элчиси Мухаммадга түшүргөн аян-кабары. Пайгамбардын пайгамбарлыгынын чындыгына далил болгон эң чоң мөөжиза. Ыйык Курандын өкүмдөрү - акыйкат, кабарлары - чындык.Аллах Таала Куранды жалган дегендерге ал сыяктуу бир сүрө болсо да алып келгиле деп шарт койгон, бирок бирөө да андай кыла алган эмес. Анткени, анын мазмуну терең, инсанга тиешелүү бул дүйнөдөгү жана акыреттеги иштердин баарын камтыган китеп.Ошондой эле, инсан өзү менен Раббисинин, өзү менен өзүнүн жана өзү менен башка калайыктын ортосунда сактоосу же аткаруусу ваажыб болгон буйруктарды жана тыюуларды камтыйт. Мунун баары өтө жеткиликтүү баяндоо ыкмасы менен берилген.Мындай китепти түшүрүү адамзаттын колунан келбестигине, бул китеп адамзаттын Раббисинин сөзү экенине далил болгон көптөгөн илимий акыйкаттар жана акылга сыярлык далилдер бар.

Ислам деген эмне?

Ислам - бул, Жалгыз Аллахка өзүн тапшыруу, Ага таат кылып моюн сунуу, Анын шариятын ыраазылык жана кабыл кылуу менен аткаруу жана Аллахтан башка сыйынылган нерсенин баарына ишенбөө.

Аллах Таала элчилердин бааарын бир рисала-дин менен жиберген, ал: Жалгыз Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуу, Аллахтан башка сыйынылган нерсенин баарына ишенбөө (каапыр болуу).

Ислам - бардык пайгамбарлардын дини. Алардын даават-чакырыгы бир, шарияттары гана ар түрдүү болгон. Бугүнкү күндөгү мусулмандар бардык пайгамбарлар алып келген таза, туура динди карманган, бир Аллахка сыйынуу ишениминдеги адамдар. Азыркы замандагы Ислам дини акыйкат, бул Жаратуучунун адамзатка жиберген акыркы дини.Ибрахим, Муса, Иса пайгамбарларды жиберген Аллах элчилердин акыркысы Мухаммадды да жиберди. Ислам шарияты андан мурдагы шарияттардын күчүн жоготуучу болуп келди.

Бүгүнкү күнү Исламдан башка дин деп айтылып адамдар ибадат кылып жаткан диндердин баары адамдар тарабынан пайда болгон диндер. Же Аллахтан эле келген динге адамдар кийлигишип, мифтердин жана ооздон-оозго өткөн уламыштардын аралашмасы жана адамдардын жеке пикири болуп калган.

Ал эми мусулмандардын дини - бул, жалгыз, ачык-айкын эч качан өзгөрбөй турган дин. Алардын Аллахка арнаган ибадаттары да бир. Баары беш убак намаз окуйт, мал-мүлкүнөн зекет берет, Орозо айында орозо кармайт. Алардын мыйзамы ыйык Куран. Ал бардык өлкөлөрдө бир эле китеп. Аллах Таала минтип айткан:﴿ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗاۚ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ فِي مَخۡمَصَةٍ غَيۡرَ مُتَجَانِفٖ لِّإِثۡمٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ﴾ Бүгүн силердин диниңерди толук кылдым, жакшылыгымды кемчиликсиз кылып толуктадым жана силерге Исламдын дин болгонуна ыраазы болдум. Ал эми ким ачкалыктын каатына чыдабай (айтылган арамдардан) айласыз өзөк жалгап алса, Алла Кечиримдүү, Ырайымдуу".(Маида, 3-аят).

Куранда Аллах Таала дагы минтип айткан:﴿قُلْ آمَنَّا بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ عَلَيْنَا وَمَا أُنْزِلَ عَلَى إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَالْأَسْبَاطِ وَمَا أُوتِيَ مُوسَى وَعِيسَى وَالنَّبِيُّونَ مِنْ رَبِّهِمْ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْهُمْ وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ (٨٤) Айткыла (О, ыймандуулар): "Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Исага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларбыз".وَمَنْ يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ﴾ Ким Исламдан башка динди кааласа, андан кабыл кылынбайт жана ал акыретте зыян тартуучулардан болуп калат».(Аали Имран, 84-85-аяттар).

Ислам дини бут жашоону ороп алган тартип-жол. Ал акылга да, таза табиятка да дал келет. (Түшүнүгү) туура жандын баары аны кабылдайт. Аны калайыкка Улуу Жаратуучу шарият кылган. Ал бардык адамдардын дүйнө жана акыретине жакшылык жана бакыт тартуулоочу дин. Ал расанын расадан, түстү түстөн ажыратпаган дин. Анда адамдардын баары бирдей. Исламда адамдар бири-биринен жакшы иш-амалдарынын чени менен гана айырмаланат.

Аллах Таала минтип айткан:(مَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَلَنُحۡيِيَنَّهُۥ حَيَوٰةٗ طَيِّبَةٗۖ وَلَنَجۡزِيَنَّهُمۡ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ) Эркек болобу же аялбы, ыйманга келип, андан кийин ийги иш-амалдарды жасаса, Биз аны (бул дүйнөдө) жакшы жашатабыз жана алардын (акыреттик) соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен кайтарабыз.(Нахл, 97-аят).

Ислам - бактылуулуктун жолу

Ислам жалпы пайгамбарлардын дини. Ал Аллахтын бардык адамдарга жиберген дини, араптарга гана тиешелүү дин эмес.

Ислам бул дүйнөдөгү чыныгы бакыттын жана акыреттеги түгөнгүс нээмат-жакшылыктын жолу.

Ислам рухтун да, дененин да муктаждыгын тойгуза алган, бардык көйгөй, мүшкүлдөрдү чечкен жалгыз дин. Аллах Таала минтип айткан:﴿قَالَ اهْبِطَا مِنْهَا جَمِيعًا بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّ فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ مِنِّي هُدًى فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلا يَضِلُّ وَلا يَشْقَى (123) «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда Бейиштен түшкүлө! Эми, (оо, инсандар) силерге менден туура жол (дин) келет. (Ошондо) ким менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт.وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾ Ал эми, ким менин зикиримден (Китебимден) жүз бурса, ага тар (оор) жашоо бар. Аны кыямат күнү сокур абалда тирилтебиз".(Таха, 123-124-аяттар).

Исламга кирген адам эмне пайда табат?

Исламга кирүүнүн көптөгөн чоң пайдалары бар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр:

Аллахка кул болуу менен жеңишке, ийигиликке жана кадр-баркка жетет. А эгерде андай болбосо, анда шайтанга жана напсисине кул болот.

Аллах анын күнөөлөрүн кечирет, ага ыраазы болот, аны бейишке киргизет, анын ыраазылыгы менен түбөлүктүү жакшылыкка ээ болот, тозоктун азабынан кутулат. Мунун баары анын акыреттеги утушу.

Ыймандуу адам кыяматта пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер жана ийги иш-амал кылуучулар менен бирге болот. Бул кандай жакшы жолдоштук. Ал эми ким ыйманга келбесе, ал шайтан, күнөөкөр, бузуку жана жаман адамдар менен бирге болот.

Аллах бейишке киргизген адамдар, алар түбөлүктүү жыргалда жашашат. Анда ооруу, өлүм, ыза, карылык, кайгы-капа болбойт. Алар эмнени кааласа, ошону алат. Ал эми тозокко киргендер аягы жок түбөлүк азапта калышат.

Бейиште көз көрбөгөн, кулак укпаган, эч бир инсандын кыялына келбеген нерселер бар. Буга далил катары Аллах Таала минтип айткан:﴿مَنْ عَمِلَ صَالِحًا مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَى وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ حَيَاةً طَيِّبَةً وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ﴾ «Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз».(Нахл, 97-аят).Аллах Таала дагы мындай деген:﴿فَلَا تَعۡلَمُ نَفۡسٞ مَّآ أُخۡفِيَ لَهُم مِّن قُرَّةِ أَعۡيُنٖ جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ﴾ Эч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт.(Сажда, 17-аят).

Исламдан баш тартсам эмнеден куру каламын?

Мындай адамдар Аллахты билүү жана таануу деген эң зарыл илимден куру калат. Адамга бул дүйнөдө амандык жана бейпилдик, акыретте түбөлүктүү жакшылык тартуулай турган Аллахка болгон ыймандан куру калышат.

Аллах Таала адамдарга түшүргөн ыйык китепти окуудан, ага ишенүүдөн куру калышат.

Пайгамбарларга ишенүүдөн жана кыяматта алар менен бирге болуудан куру калат. Анын ордуна шайтандар, күнөөкөрлөр жана чектен чыккан жаман азгыруучулар менен бирге тозокто калат. Бул алар үчүн өтө жаман турак жана алар менен бирге болуучулар да өтө жаман.

Аллах Таала минтип айткан:﴿قُلْ إِنَّ الْخَاسِرِينَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ وَأَهْلِيهِمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَلا ذَلِكَ هُوَ الْخُسْرَانُ الْمُبِينُ (15) "(Мухаммад!) Айткын: "Кыямат күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирген адамдар чыныгы зыян тартуучулар. Билип алгыла! Анык зыян тартуу мына ушул.لَهُمْ مِنْ فَوْقِهِمْ ظُلَلٌ مِنَ النَّارِ وَمِنْ تَحْتِهِمْ ظُلَلٌ ذَلِكَ يُخَوِّفُ اللَّهُ بِهِ عِبَادَهُ يَا عِبَادِ فَاتَّقُونِ﴾ Алар үчүн үстүлөрүнөн да, астыларынан да жалындуу көлөкөлөр бар. Аллах педелерин ушу менен коркутат. О, Пенделер! Менден корккула!"(Зумар, 15-16-аяттар).

Ким акыретте кутулууну кааласа, ал Исламды кабыл кылсын жана Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарды ээрчисин.

Бардык пайгамбарлар алып келген чындык ушул - акыретте Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кылган, бардык элчи-пайгамбарларга ишенгендер гана ийгиликке жетет. Элчи-пайгамбарларга ишенип, аларды ээрчиген ыймандуулардын баары тозоктон кутулуп, бейишке кирет.

Муса пайгамбардын заманында жашаган, ага ишенип анын шариятын кармангандар ыймандуу, ийги, мусулмандар. Бирок Аллах Таала андан кийин Иса пайгамбарды жиберди, эми Муса пайгамбарды ээрчигендерге Иса пайгамбарга ишенүү жана аны ээрчүү важыб болду.Иса пайгамбарга ишенип, аны ээрчигендер ийги, мусулмандар. Ким Иса пайгамбардан баш тартып, Муса пайгамбардын эле дининде каламын десе, ал ыймандуу эмес. Анткени, ал Аллах жиберген пайгамбардан баш тартты.Андан кийин Аллах Таала акыркы пайгамбар Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиберди. Эми бардык адамдарга ага ишенүү важыб болду. Муса менен Исаны жиберген Аллах акыркы пайгамбар Мухаммадды жиберген да Өзү. Ким Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динине ишенбесе жана Мусанын же Исанын эле дининде кала берем десе, ал ыймандуу болуп эсептелбейт.

Бирөөнүн мен мусулмандарды урматтаймын деген сөзү анын (тозоктон) кутулуусуна жетиштүү болбойт. Садага берүү, жарды-жармачтарга жардам берүү акыретте ийгиликке жетүүгө жетиштүү болбойт. Арийне андан (жакшы иштерин) Аллах кабыл кылуусу үчүн Аллахка, Анын китептерине, элчилерине, акырет күнүнө ишенүү зарыл. Мында ширктен, Аллахка ишенбөөчүлүктөн, Аллах түшүргөн аян-кабарды четке кагуудан же пайгамбарларынын акыркысы Мухаммаддын пайгамбарлыгынан баш тартуудан өткөн чоң күнөө жок.

Мухаммад пайгамбардын пайгамбарлыгын уккан жөөттөр, христиандар жана башкалар ага ишенүүдөн жана Ислам динине кирүүдөн баш тартса, анда түбөлүк тозокто калышат. Бул Аллахтын өкүмү, кайсы бир адамдын өкүмү эмес. Аллах Таала минтип айткан:﴿إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَالْمُشْرِكِينَ فِي نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ أُولَـٰئِكَ هُمْ شَرُّ الْبَرِيَّة﴾ "Китеп берилгендерден жана мушриктерден (Мухаммадга) каапыр болгондору тозоктун отунда түбөлүк калышат. Мына ошолор тирүү жандардын эң жамандары".(Баййина, 6-аят).

Кыскасын айтканда, адамзатка Аллахтын акыркы дини келди. Исламды, Мухаммад пайгамбардын пайгамбарлыгын уккан ар бир инсанга - ага ишенүү, анын шариятын кармануу, буйрук жана тыюусуна баш ийүү важыб болот. Ошон үчүн бул акыркы пайгамбарлыкты угуп туруп андан баш тарткан адамдын эч бир иш-амалы кабыл кылынбайт жана акыретте азапка кириптер болот.

Аллахтын төмөнкү сөздөрү буга айкын далил:﴿وَمَنْ يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ﴾ «Ким Исламдан башка динди кааласа, андан кабыл кылынбайт жана ал акыретте зыян тартуучулардан болуп калат».(Аали Имран, 85-аят).

Аллах Таала айткан:﴿قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ تَعَالَوْا إِلَى كَلِمَةٍ سَوَاءٍ بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ أَلَّا نَعْبُدَ إِلَّا اللَّهَ وَلَا نُشْرِكَ بِهِ شَيْئًا وَلَا يَتَّخِذَ بَعْضُنَا بَعْضًا أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَقُولُوا اشْهَدُوا بِأَنَّا مُسْلِمُونَ﴾ Айткын: "О, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө келгиле.* (Ал сөз төмөндөгүчө:) "Аллахтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллахты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!" Эгер жүз бурушса, айткыла: "Күбө болгула, Биз – мусулмандарбыз".(Аали Имран, 64-аят).

Мусулман болуу үчүн эмне кылуум керек?

Исламга кирүү үчүн ыймандын төмөнкү алты түркүгүнө ишенүү важыб болот:

Аллах Таалага, Ал Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Башкаруучу, Падыша экенине, Анын жубайы да, баласы да жок экенине, Ал жалгыз ибадатка татыктуу экенине, Ага кошуп башкага ибадат кылууга болбостугуна ыйман келтирип ишенүү. Андан башкага жасалган ибадаттын баары жараксыз экенине ишенүү.

Периштелер Аллахтын пенделери экенине, аларды нурдан жараткандыгына, алардын аткарган иштеринин бири пайгамбарларга аян-кабар алып түшүү экенине ишенүү.

Аллах Таала пайгамбарларына түшүргөн бардык китептерге (Өзгөртүлбөгөн Тоорот менен Инжилге), алардын акыркысы болгон ыйык Куранга ишенүү.

Нух, Ибрахим, Муса, Иса сыяктуу бардык пайгамбарларга жана алардын акыркысы Мухаммадга, алардын баары адам баласы экенине, аларга аян-кабар түшүргөнүнө, алардын чын экенине далил болгон мөөжиза, белгилерди бергенине ишенүү.

Аллах Таала илгерки жана кийинкилерди тирилтип, калайыкка өкүм чыгарып, ыймандууларды бейишке, каапырларды тозокко киргизе турган кыямат күнүнө ишенүү.

Тагдырга, Аллах Таала өтмүштө болгонду да, келечекте болорду да билерине, аларды билип, жазып, каалап, бардык нерсени жаратарына ишенүү.

Чечим чыгаруудан кеч калба!

Дүйнө түбөлүктүү жай эмес

Жакында анын бардык кооздуугу соолуп, бардык ырахаты түгөнөт

Жакында инсан ар бир кылган ишине эсеп бере турган күн келет. Бул кыямат күнү. Аллах Таала минтип айткан:﴿وَوُضِعَ الْكِتَابُ فَتَرَى الْمُجْرِمِينَ مُشْفِقِينَ مِمَّا فِيهِ وَيَقُولُونَ يَا وَيْلَتَنَا مَالِ هَذَا الْكِتَابِ لاَ يُغَادِرُ صَغِيرَةً وَلاَ كَبِيرَةً إِلاَّ أَحْصَاهَا وَوَجَدُوا مَا عَمِلُوا حَاضِرًا وَلاَ يَظْلِمُ رَبُّكَ أَحَدًا﴾ "Анан амал китеп берилет. Күнөөкөрлөрдү андагы иштеринен коркуп жатканын көрөсүң. Алар: "Шорубуз курусун! Бул эмне китеп, кичинесин да, чоңун да калтырбай тизмектеп жазыптыр" дешет. Кылган иштерин ошол китептен даяр табышат. Раббиң эч кимге зулумдук кылбайт".(Кахф, 49-аят).

Аллах Таала мусулман бобогон адамдын барар жери түбөлүктүү тозок экенин кабарлаган.

Андагы зыян жеңил эмес, өтө оор болот. Аллах Таала минтип айткан:﴿وَمَن يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَن يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ﴾ «Ким Исламдан башка динди кааласа, андан кабыл кылынбайт жана ал акыретте зыян тартуучулардан болуп калат».(Аали Имран, 85-аят).

Ислам - бул, Аллах Таала андан башка диндерди кабыл кылбаган жалгыз дин.

Бизди Аллах жаратты, Ага кайтып барабыз. Бул дүйнө жашоосу бизге сыноо.

Инсан бул дүйнөнүн түш сыяктуу кыска экенине, эч ким качан өлөрүн билбестигине бөркүндөй ишенсин.

Эртең кыямат күнү Жаратуучусу: Эмне үчүн акыйкат жолго түшпөдүң? Эмнеге акыркы пайгамбарды ээрчибедиң? - деп сураганда, кандай жооп берерин ойлосун.

Кыямат күнү Раббиңе эмне деп жооп бересиң? Ал Исламда каапырлыкты ээрчүдөн эскертип, каапырлардын барар жери түбөлүк тозоктогу азап экенин айтты го!

Аллах Таала минтип айткан:﴿وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ﴾ "Биздин аяттарыбызга каапыр болуп, жалганга чыгаргандар, мына ошолор тозоктун тургундары, алар анда түбөлүк калышат".(Бакара, 39-аят).

Акыйкатты танып, ата-бабасынын жолун жолдоо эч кандай үзүр-шылтоо боло албайт.

Адамдардын көбү өздөрү жашап жаткан чөйрөдөн этияттап Исламга кирүүдөн баш тартарын Аллах Таала бизге кабарлаган.

Көпчүлүк адамдар ата-бабасынан мурас калган же чөйрөсүндөгүлөрдөн көрүп, ага көнүп алган ишенимдерин өзгөртүүгө кызыкпаганы үчүн эле Исламга кирүүдөн баш тартып жүрүшөт. Көпчүлүгүн сокур ээрчүү жана жалганга ишенүү динге кирүүдөн тыйып турат.

Мунун баары аларга үзүр-шылтоо боло албайт. Алар Аллахтын алдында эч кандай далилдери жок тура турган күн келет.

Атеистке "мен атеисттин үй-бүлөсүндө туулуп өстүм, ошон үчүн атеист боюнча калам" деген шылтоо жарабайт! Ал Аллах берген акылын иштетип, жети кат асман менен жерге акыл жүгүртүшү керек эле. Бул жаратылыштын Жаратуучусу бардыгын сезүү үчүн, Аллах берген акылы менен пикир кылуусу керек болчу.Ошондой эле ташка, буркандарга сыйынып жүргөндөргө да, ата-бабасынын жолун карманганы үзүр-шылтоо боло албайт. Алар да кантип эле ушул мени укпаган, көрбөгөн, эч кандай пайда бербеген жансыз заттарга сыйынам деп, акыйкатты издеши керек эле.

Ошондой эле, таза табиятка жана акылга туура келбеген иштерге ишенип жүргөн христиандар да: Кантип эле кудай өзү эч кандай кылмыш кылбаган баласын башка бирөөлөрдүн кылмышы үчүн өлтүрүп койсун? Бул залымдык эмеспи? Кантип эле адамдар кудайдын баласын ача жыгачка керип өлтүрө алышсын? Кудай алардын күнөөсүн баласын өлтүрүү аркылуу эмес, жөн эле кечирип жиберсе болбойт беле? Өзүнүн баласын куткарып калууга кудайдын кудурети жетпейби? - деген суроолорду өзүнө бериши керек болчу.

Негизи келип акылдуу адамга акыйкатты эрчүү важыб. Ата-бабасынан калган батылга фанат болуу жарабайт.

Аллах Таала минтип айткан:﴿وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَى مَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ قَالُوا حَسْبُنَا مَا وَجَدْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا أَوَلَوْ كَانَ آبَاؤُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ شَيْئًا وَلَا يَهْتَدُونَ﴾ "Эгер аларга: "Аллах түшүргөнгө (Куранга) жана элчиге келгиле" деп айтылса, алар: "Ата-бабаларыбызды тапкан жол бизге жетет" дешет. Ата-бабалары эч нерсени билбесе жана туура жолго түшпөсө да..."(Мааида, 104-аят).

Исламды кабыл алууну каалап, бирок жакындарынын зыянынан корккон адам эмне кылуусу керек?

Исламды кабыл кылгысы келип, бирок чөйрөсүнөн корккон адам, Исламды кабыл кылып, бирок анысын качан Аллах ага жеңилдик берип, ачыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк болгонго чейин жашыруун карманып турса болот.

Адамга мүмкүн болушунча батыраак мусулман болуу зарыл. Бирок ага кандайдыр бир зыян тие турган болсо, динди кабыл кылганын жарыялоонун зарылчылыгы жок.

Адам Исламды кабыл кылганда, ал миллиондогон мусулмандарга бир тууган болот. Ага өзү жашаган жердеги мечитке же Ислам борборлоруна кайрылууга мүмкүнчүлүк бар. Аларга кайрылып, кеңеш, жардам сураса, алар аны жардамсыз калтырбайт.

Аллах Таала минтип айткан:﴿وَمَنْ يَتَّقِ اللَّهَ يَجْعَلْ لَهُ مَخْرَجًا "Ким Аллахка такыба болсо, анын жолун ачып койот.وَيَرْزُقْهُ مِنْ حَيْثُ لَا يَحْتَسِب﴾ Ошондой эле ага оюна келбеген жактан ырыскы берет".(Талак, 2-3-аяттар).

Урматтуу окурман!

Бизге бардык жакшылыкты ыроолоп, энебиздин ичинде жатканда азыктандырып, азыр болсо бекер аба менен дем алдырып жаткан Жаратуучу Аллахтын ыраазылыгы адамдардын ыраазылыгына караганда маанилүү эмеспи?

Дүйнө жана акыреттин бактысы, жеңиши - убактылуу жашоонун кызыкчылыктарын курмандык кылууга татыктуу эмеспи?

Ошон үчүн адам өзүнүн өтмүшү анын каталарын оңдоосуна жана туура иштерди кылуусуна тоскоолдук кылышына жол бербеши керек.

Инсан бүгүнкү күндө чыныгы ыймандуу мусулман болсун! Акыйкатты ээрчүүдөн алагды кылган шайтанга жол бербесин!

Аллах Таала минтип айткан:﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمْ بُرْهَانٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَأَنزلْنَا إِلَيْكُمْ نُورًا مُبِينًا (174) "Эй, адамдар! Силерге Раббиңерден анык далилдер келди жана силерге анык нурду (Куранды) түшүрдүк.فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَاعْتَصَمُوا بِهِ فَسَيُدْخِلُهُمْ فِي رَحْمَةٍ مِنْهُ وَفَضْلٍ وَيَهْدِيهِمْ إِلَيْهِ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا﴾ Аллахка ишенип, Ага бекем таянгандарды Аллах Өзүнүн ырайым жана жакшылыгына киргизип, аларды туруктуу түз жолго баштайт".(Ниса, 174-175-аяттар).

Сен өз жашооңдогу эң манилүү чечимди чыгарууга даярсыңбы?

Эгер бул айтылгандар акылга сыя турган болсо жана адам өзүнүн жүрөгүндөгү акыйкаты сезсе, анда ал мусулман болуу үчүн алгачкы кадамын шилтеши керек.

Кимге жашоосундагы эң маанилүү чечимди чыгарууга жана кантип мусулман болуусуна жол көрсөтүүгө жардам керек?

Анын күнөөлөрү аны Исламга кирүүдөн тыйбайт. Аллах Таала Куранда Исламга кирген жана тообо кылган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилерин айткан. Адам Исламды кабыл кылгандан кийин деле кээ бир күнөөлөрдү кылуусу табигый иш, биз күнөөдөн аруу болгон периште эмеспиз да.Бирок бизден талап кылынган иш - Аллахтан кечирим тилеп, тообо кылуу. Аллах Таала биздин акыйкатты кабылдоого шашып келме айтып Исламга киргенибизди көрсө, башка күнөөлөрдү таштоого бизге жардам берет. Акыйкатты кабылдап, Аллахка жүздөнгөн адамга Аллах көп жакшылыктарды жолуктурат. Андыктан, Исламга азыр кирүүдөн эч экиленбөө керек.

Аллах Тааланын төмөнкү сөзү буга далил:﴿قُلْ لِلَّذِينَ كَفَرُوا إِنْ يَنْتَهُوا يُغْفَرْ لَهُمْ مَا قَدْ سَلَفَ﴾ "(Мухаммад!) Каапыр пенделерге айт, эгер токтотушса, өткөн күнөөлөрү кечирилет".(Анфал, 38-аят).

Мусулман болуу үчүн эмне кылам?

Исламга кирүүнүн жолу жеңил. Эч кандай жөрөлгөгө, эч кандай расмий иш чарага, же бирөөнүн катышуусуна муктаждык жок. Жөн гана келме келтирип, анын маанисин түшүнүп, ага ишенүү жетиштүү. Тагыраак айтканда: "Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад Анын элчиси экендигине күбөлүк берем" деп айтуу керек. Эгер сага оңой болсо келмени араб тилинде айткын. Эгер арабча айтуу кыйын болсо, анда өз эне тилиңде айтсаң да жарайт. Ушуну менен мусулман болосуң. Андан кийин анан дүйнө жашооңдун бактысы, акыретиңдин ийгилиги болгон диниңди үйрөнө бересиң...





Бул жаратылышты ким жараткан? Мени ким жараткан? Эмне үчүн жараткан?

Улуу Жаратуучу Рабби

Бул Ырыскы берүүчү, Жаратуучу Рабби - кемчиликсиз, Аллах Таала.

Жаратуучу Раббинин сыпаттары

Ибадатка татыктуу Раббибиз жеткиликтүү толук сыпаттар менен сыпатталат.

Улуу Жаратуучу бизди эмне үчун жараткан? Ал бизден эмнени каалайт?

Эмне үчүн көп сандагы элчилер жиберилген?

Элчи-пайгамбарлардын баарына ишенмейинче адам ыймандуу болбойт.

Ыйык Куран деген эмне?

Ислам деген эмне?

Ислам - бактылуулуктун жолу

Исламга кирген адам эмне пайда табат?

Исламдан баш тартсам эмнеден куру каламын?

Ким акыретте кутулууну кааласа, ал Исламды кабыл кылсын жана Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарды ээрчисин.

Мусулман болуу үчүн эмне кылуум керек?

Чечим чыгаруудан кеч калба!

Акыйкатты танып, ата-бабасынын жолун жолдоо эч кандай үзүр-шылтоо боло албайт.

Исламды кабыл алууну каалап, бирок жакындарынын зыянынан корккон адам эмне кылуусу керек?

Урматтуу окурман!

Сен өз жашооңдогу эң манилүү чечимди чыгарууга даярсыңбы?

Мусулман болуу үчүн эмне кылам?