×
Мусулман үчүн пайдалуу кыска китепче

Мусулман үчүн пайдалуу кыска китепче

Даярдаган:

Мухаммад Шахрий

1443-х, 2021-ж.

Акыркы редакцияланышы 04/05/1443

Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен

Киришүү

Ааламдардын Раббисине алкыш-мактоолор болсун! Пайгамбарлардын жана элчилердин эң шарапаттуусу, пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.

Андан кийин:

Аллах тааланын инсанга ыроологон жакшылыктарынын эң баалуусу - Ислам дини менен сыйлаганы, динде бекем болуусу жана диндин өкүм, шарияттарын аткаруусу. Бул китепчеден мусулман адам дининин негизги бөлүктөрүн кыскартылган, ачык түшүндүрүлгөн, оңой ыкма менен үйрөнө алат. Китепти окуу менен Раббисин, Ислам динин, пайгамбары Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшыраак таанып-билип, Аллах таалага илимдүүлүк жана көрөгөчтүк менен туура ибадат кыла алат.

Пенделерди жаратуудагы даанышмандык сыр

Аллах тааланын бизди жаратуудагы негизги даанышмандык сыры өтө улук, ал Анын Жалгыз Өзүнө ибадат кылуу. Бул тууралуу Аллах таала минтип айткан: "Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым". Зарият сүрөсү, 56-аят. Тактап айтканда, Ага эч нерсени шерик кошпой, жалгыз Өзүнө гана ибадат кылуулары үчүн. Биздин бул дүйнөдөгү бардык максаттарыбыз, аткарган иш-аракеттерибиз мына ушул улуу максаттын айланасында болот. Аллах таала минтип айткан: «Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыптырбызбы жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?». «Чыныгы Падыша – Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок (жана) Улуу Арштын Ээси болгон Аллах (бир нерсени максатсыз жаратуудан алыс) Бийик!». Муминун сүрөсү, 115-116-аяттар.

Раббим - Аллах.

Аллах таала айтты: «Оо, адамдар! Силерди жана силерден алдыңкыларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, ошону менен такыбалуу болорсуңар». Бакара сүрөсү, 21-аят. Аллах таала дагы минтип айткан: "Ал – Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок!". Хашр сүрөсү, 22-аят. Аллах таала дагы минтип айткан: «Ага (Аллахка) эч нерсе окшобойт. Ал – Угуучу, Көрүүчү!». Шура сүрөсү, 11-аят.

Аллах – Ал Менин Раббим жана бардык нерсенин Раббиси. Падыша, Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, бардык нерсени Башкаруучу.

Ал Өзү гана ибадат кылууга татыктуу. Андан башка Рабби да жок, ибадатка татыктуу Зат да жок.

Ал Өзү жана Анын пайгамбары Ага таандык кылган, Анын Өзүнө гана тиешелүү көркөм ысымдары жана бийик сыпаттары бар. Бул ысым-сыпаттар толуктугунда жана көркөмдүгүндө эң жогорку чекке жеткен. Ага окшош эч нерсе жок, Ал - Угуучу жана Көрүүчү.

Анын көркөм ысымдарынын кээ бири булар:

Ар-Раззак, Ар-Рахман, Ал-Кодир, Ал-Малик, ас-Самиъ, ас-Салам, Ал-Басир, Ал-Вакил, Ал-Халик, Ал-Латиф, Ал-Каафи, Ал-Гафур.

Ар-Раззак: Пенделеринин жүрөгү жана денеси муктаж болгон ырыскынын баарын моюнуна алган, ырыскы берүүчү.

Ар-Рахман: бардык нерсени өзүнө ороп ала тургандай кенен, улуу ырайымдуулуктун ээси.

Ал-Кодир: алсыздык жана бошоңдуктан тышкары толук күч-кудреттин ээси.

Ал-Малик - улуулук, жеңилбестик жана бардык нерсени башкарып туруучу сыпаты менен сыпатталган Падыша.

Ас-Самиъ: бардык угулчу нерселердин жашыруунун да, ачыгын да угуучу жана пенделеринин дуба, жалбарууларын угуучу.

Ас-Салам: бардык кемчилик, айып, апааттардан таза, саламат.

Ал-Басир: эч нерсени көз жаздымда калтырбоочу, канчалык кичине болсо да көрүүчү. Бардык нерсеге көзү жетүүчү, кабардар жана ичин да билүүчү.

Ал-Вакил: жаратылгандардын ырыскысын Өз кепилдигине алуучу, аларга пайдалуу нерсени даярдап берүүчү, авлия-досторунун ишин жеңилдетип, Өзү башкарып туруучу.

Ал-Халик: нерселерди жаратуучу, аларды эч бир үлгүсүз жоктон бар кылуучу.

Ал-Латиф: пенделерин урмат кылуучу, аларга ырайым кылып, сураганын берүүчү.

Ал-Каафи: пенделеринин бардык муктаждыктарын Өзү чечүүчү. Жардамы пенделерине жетиштүү. Ал болсо, пенделер башка эч нерсеге муктаж болбойт.

Ал-Гафур: пенделерин күнөөлөрүнүн жамандыгынан сактоочу, кылган күнөөлөрү себептүү жазалабайт.

Менин пайгамбарым Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун).

Аллах таала айтты: "(О, ыймандуу пенделер!) Силерге өз араңардан болгон, силердин кайгыңар үчүн азап чеккен (тозоктон кутулуп калышыңарга) катуу умтулган жана ыймандуулар үчүн ырайымдуу, боорукер пайгамбар келди го!". Тообо сүрөсү, 128-аят. Аллах таала айтты: "(Оо, Мухаммад!) Биз сени ааламдарга ырайым (болушуң) үчүн жибердик". Анбия сүрөсү, 107-аят.

Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) рахмат жана туура жолго баштоочу.

Ал Хашимдин уулу Абдулмуталибдин уулу Абдулланын уулу Мухаммад. Хашим Курайш уруусунан, ал эми Курайш араб улутунан тараган.

Анын энеси: Вахбдын кызы Амина. Эмчек энеси: Халима Саъдия. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он бир аялга үйлөнгөн. Көзү өткөндө аялдарынан тогузу бар эле.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жети перзенти, үч уул, төрт кызы болгон. Уулдары: Касым, Абдуллах жана Ибрахим. Кыздары: Зайнаб, Рукая, Умму Кулсум жана Фатима.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйругуна баш ийүү, ал айткан кабарларга ишенип тастыктоо, ал эскертип, тыйган иштерден тыйылуу жана Аллахка ал көрсөткөн шарияттагыдай ибадат кылуу милдет.

Анын да, ага чейинки өткөн пайгамбарлардын да миссиясы - шериги жок жалгыз Аллахка ибадат кылууга чакыруу болгон. Аллах таала айтты: «(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп аян-кабар кылдык». Анбия сүрөсү, 25-аят. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлардын жана элчилердин акыркысы. Бул тууралуу Аллах таала минтип айткан: «(Оо, ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эр кишинин атасы эмес. Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах – ар нерсени Билүүчү». Ахзаб сүрөсү, 40-аят. Аллах таала аны жалпы адамзатка Ислам динин жеткирүү үчүн жиберген. Аллах таала минтип айткан: "Биз сени (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып, жалпы инсанияттын бардыгына жибердик. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт". Саба сүрөсү, 28-аят.

Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) карата ар бир мусулмандын аткара турган зарыл милдеттери бар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр:

1- Анын пайгамбарлыгына, чынчылдыгына жана ал алып келген улуу шарияттын кемчиликсиз экендигине ыйман келтирип, ага баш ийүү жана анын жолуна ээрчүү. Аллах таала минтип айткан: "Жана ал абадан (өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып) сүйлөбөйт". "Алар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтан келген) аян-кабарынан башка эмес". Нажм сүрөсү, 3-4-аяттар.

2- Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүйүү, аны өз жанынан, баласынан, дегеле бардык жаратылгандардан артык сүйүү. Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) карата болгон мындай сүйүү ага баш ийүүгө, сүннөттөрүн ээрчүүгө, буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылууга себеп болууга тийиш.

3- Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) урматтоо, улуктоо жана ага жардам берүү.

4- Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) салават айтуу. Салават айтуунун мааниси: Аны мактап, Аллахтан анын атын бийик кылууну, кадыр-баркын арттырууну сурануу болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким мага бир салават айтса, ага Аллах таала он салават айтат". Муслим риваят кылган. 5- Анын укугун чектен ашыра, Аллах таала ага берген орундан жогору көтөрүп жиберүүдөн сактануу. Ал өзү мындай чектен чыгуудан катуу тыйып эскерткен: «Христиандар Мариямдын уулун (Исаны) аша чаап көкөлөткөндөй, мени да аша чаап көкөлөтпөгүлө! Болгону, мен Анын кулумун. Ошондуктан, (мени) Аллахтын кулу жана элчиси деп айткыла!».

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сыпаттарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:

Чынчылдыгы, ырайымдуулугу, жумшактыгы, сабырдуулугу, эр жүрөктүүлүгү, жоомарттыгы, кулк-мүнөзүнүн жакшылыгы, адилдиги, кичи пейилдиги, кечиримдүүлүгү, ж.б.

Ыйык Куран - Раббимдин сөзү.

Аллах таала минтип айткан: "(О, адамдар) Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди жана Биз силерге анык Нурду (Куранды) түшүрдүк". Ниса сүрөсү, 174-аят. Ыйык Куран – Аллах тааланын чындыгында сүйлөгөн сөзү. Адамдарды караңгылыктан нурга чыгарып, түз жолго салуу үчүн аны пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүргөн. Куранды ким окуса, ал чоң сооп-сыйга ээ болот, ким анын өкүмдөрүнө амал кылса, бекем, туура жолго түшөт. Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким Аллахтын китебинен бир тамга окуса - бир сооп берилет жана бир сооп он эсе көбөйтүлөт. Мен: "алиф, лам, мим" бир тамга дебеймин. "Алиф - бир тамга, "лам" - бир тамга, "мим" - бир тамга деймин". Тирмизи риваят кылган. Куранды өзгөртүүдөн, бурмалоодон Аллах таала Өзү сактады жана аны кыямат күнгө чейин өзгөрүүсүз сакталып кала турган аят-белги кылды. Бул тууралуу Аллах таала минтип айткан: «Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз». Хижр сүрөсү, 9-аят. Куранды кемчиликтүү же өзгөртүлгөн деп айткандардын баары Аллахты жана Анын элчисин жалганчыга чыгарган болот жана алар Исламдан чыгат.

Ыйык Куран мурдагы китептер ичине камтыган нереселерди өз ичине камтыйт. Ага кошумча илахий талаптарды жана жакшы ахлактарды ичине камтыйт. Мурдагы китептерде айтылган акыйкат, чындыктарды тастыктайт. Азыркы заманда ал көрсөткөн жолго ээрчип, ыйыктап, окуп-тилават кылуу аркылуу ибадат кылып, анда айтылгандарга амал кыла турган Аллахтан түшкөн Ыйык Курандан башка китеп жок.

Менин диним – Ислам.

Диндин мартабасы үчөө: Ислам, ыйман жана ихсан.

Биринчи мартабасы – Ислам.

Ислам – бул, Аллахты жалгыз деп билип, Ага өзүн тапшыруу, Ага баш ийип моюн сунуу, ширк жана ширк кылуучулардан алыс болуу.

Исламдын негиздери

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ислам беш нерсеге негизделген: Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана ажылык амалын аткаруу". Бухарий, Муслим риваяты

Исламдын бул түркүктөрү ар бир мусулманга аткаруусу милдет болгон ибадаттар. Инсан бул түркүктөрдүн милдеттүү экенин моюнга алып, аларды иш жүзүндө аткармайынча анын Исламы жарактуу болбойт. Анткени Ислам ушул нерселердин үстүнө курулган, ошон үчүн булар Исламдын түркүктөрү деп аталат.

Бул түркүктөргө кененирээк токтолсок:

Биринчи түркүгү: Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк берүү.

Аллах таала айтты: "Билип ал, Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок". Мухаммад сүрөсү, 19-аят. Аллах таала дагы минтип айткан: "(О, ыймандуу пенделер!) Силерге өз араңардан болгон, силердин кайгыңар үчүн азап чеккен (тозоктон кутулуп калышыңарга) катуу умтулган жана ыймандуулар үчүн ырайымдуу, боорукер пайгамбар келди го!". Тообо сүрөсү,128-аят.

Бул күбөлүктүн "Лаа илааха иллалаах" деген бөлүгүнүн мааниси: Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай (сыйыныла турган эч нерсе) жок дегенди туюндурат.

Ал эми "Анна Мухаммадар-расулуллах" деген бөлүгүн мааниси: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйруган ишке баш ийүү, ал айткан кабарларга ишенип тастыктоо, ал эскертип, тыйган иштерден тыйылуу жана Аллахка ал көрсөткөн шарияттагыдай гана ибадат кылуу дегенди туюндурат.

Экинчи түркүгү: Намаз окуу.

Аллах таала айтты: "Намазды тургузгула". Бакара сүрөсү, 110-аят.

Намазды тургуузу дегени, намазды Аллах таала шариятта буйругандай жана аны пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге үйрөткөндөй аткаруу болуп эсептелет.

Үчүнчү түркүгү: Зекет берүү

Аллах таала айтты: "Зекетти бергиле". Бакара сүрөсү, 110-аят.

Аллах таала мусулмандын ыйманын сыноо үчүн, ага берилген байлык жакшылыгына шүгүр кылуусу үчүн жана жакыр, муктаждарды колдоп жардам берүүсү үчүн зекетти парз кылган.

Зекет берүү, зекетке муктаж болгон адамга тийгизүү менен гана ишке ашат.

Зекет – мал-мүлк белгилүү өлчөмгө жеткен учурда берилүүсү милдет болот. Зекетти Аллах таала Куранда дайындап айткан сегиз түрдүү адамдарга берүү зарыл. Алардын ичинде кембагалдар жана жарды-жармачтар да бар.

Зекет берүү аркылуу ырайымдуулук, боорукерлик пайда болот, мусулмандын байлыгы жана жан дүйнөсү тазаланат, кембагал, жарды-жармачтардын ыраазылыгына жетет, мусулман коомчулугундагы адамдардын ортосундагы махабат жана бир туугандык чыңалат. Анткени, мусулман адам зекетти өз каалоосу менен ыраазы болуп, башка бирөөнү кубантуу үчүн берет.

Зекеттин бериле турган өлчөмү, сакталып коюлган байлыкта, мейли ал алтын, же күмүш, же нак акча, же алды-сатты кылып пайда көрүү үчүн коюлган буюм болсун, 2,5 % болуп эсептелет. Эгер белгиленген өлчөмгө жетсе жана ошол өлчөмдө жыл бою кармалып турса, анда жогоруда айтылган өлчөмдө зекет берүү милдет болот.

Ошондой эле белгилүү санга жеткен мал-жандыгы (төө, уй, кой) бар адамга да мал-жандыктарынан зекет берүү милдет. Эгерде мал-жандыктары жылдын жарымынан көп бөлүгүндө талаадан оттоп багыла турган болсо, ошондо гана зекет берүү милдет болот.

Дагы "Риказ" сыяктуу жерден чыккан нерселерге да зекет берилет. Риказ дегени, Исламга чейинки заманда жерге жашырып көөмүлүп коюлган байлыктар. Ошондой эле жерден өндүрүлгөн дан эгиндеринен, мөмө-жемиштерден жана кен байлыктардан да зекет берилет. Булар да атайын белгиленген чен-өлчөмгө жетүүсү керек.

Төртүнчү түркүгү: Рамазан айында орозо кармоо.

Аллах таала айтты: «О, ыйман келтиргендер! Силерден мурунку элдерге парз кылынган сыяктуу, силерге да орозо кармоо парз кылынды. Такыба болууңар үчүн». Бакара сүрөсү, 183-аят.

Рамазан – бул, хижрий жыл санагы боюнча тогузунчу келген айдын аталышы. Мусулмандар үчүн бул ай ыйык болуп эсептелет, башка айлардан айырмаланып, бул айдын өзгөчө артыкчылыгы бар. Бул айда толук орозо кармоо - Исламдын бир түркүгү.

Рамазанда орозо кармоо деген сөз: Рамазан айынын башынан аягына чейин күн сайын таңдан күн батканга чейин тамактануудан, суусундук ичүүдөн жана аял-эркектин жыныстык катташуусунан ж.б. орозону бузуп коюучу иштерден Аллахка ибадат кылуу максатында тыйылуу дегенди билдирет.

Бешинчи түркүгү: Аллахтын үйү болгон Харам мечитине барып ажылык кылуу.

Аллах таала айтты: "Адамдардын моюнунда Аллах үчүн (ыйык) үйдү ажылык кылуу милдети бар, (бул) жолго кудурети жеткендер үчүн гана". Аалу Имран сүрөөсү, 97-аят. Ажылык бул, мүмкүнчүлүгү болгон адамга өмүрүндө бир жолу аткаруу милдет болгон ибадат. Бул ибадат, дайындалган убакта, дайындалган ибадатты аткаруу үчүн Харам мечитин, тагыраагы, Каабаны жана Меккедеги ыйык саналган жерлерди максат кылып баруу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да, ага чейинки пайгамбарлар да ажы амалын аткарган. Аллах таала Ибрахим пайгамбарды адамдарды ажылык кылууга чакырууга буйруган. Бул тууралуу Аллах таала Ыйык Куранда минтип кабар берген: «Адамдарды ажы кылууга чакыр! Сага алар жөө басып, тапталган улоолор менен келишсин. Алар сага ар кайсы алыс өлкөлөрдөн келишсин!» Хаж сүрөсү, 27-аят.

Диндин экинчи мартабасы: ыйман.

Ыйман - бул, (тил менен) айтуу, (жүрөк менен) бекем тастыктоо, Аллах жана Анын элчиси ыйман келтирүүгө буйруган нерсенин баарын моюнга алып толук ишенүү жана анын ички-тышкы талаптарына баш ийүү. Баш ийүү жүрөктүн тастыктоосу менен болот. А жүрөктүн тастыктоосу жүрөк жана дене-мүчөлөр менен боло турган амалдарды ичине камтыйт. Бул динди толук кармануу дегенди билдирет. Ыйман таат-ибадат кылуу менен көбөйүп, күнөө-ката кылуу менен азайып турат.

Ыймандын түркүктөрү (негиздери)

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйман тууралуу суралганда, минтип жооп берген: «Ыйман – бул, сенин Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, элчи-пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшы-жаман тагдырына ыйман келтирүүң». Ыймандын түркүктөрү бул жүрөктүн ибадаттары болуп, ар бир мусулманга милдет болуп эсептелет. Ыйман түркүктөрүнө ишенмейинче жана алар талап кылган амалдарды аткармайынча адамдын исламы жарактуу болбойт. Ошон үчүн булар ыймандын түркүктөрү деп аталат. Ыйман түркүктөрү менен Ислам түркүктөрүнүн айырмасы мындай: Ислам түркүктөрү ачык көрүнүп турган амалдар, аларды инсан дене-мүчөлөрү менен аткарат. Мисалы, келимени айтуу, намаз окуу, зекет берүү, ж.б. Ал эми ыймандын түркүктөрү жүрөккө байланыштуу амалдар, аларды инсан жүрөгү менен аткарат. Мисалы, Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирүү, ж.б.

Ыймандын биринчи түркүгү: Аллах таалага ыйман келтирүү

Аллах таала айтты: "(Чыныгы) ыймандуулар – Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтирген адамдар". Нур сүрөсү, 62-аят.

Биз Аллахтын бардыгына ишенебиз. Анын рубубиятта, улухиятта жана ысым-сыпаттарында жалгыз экендигине жана ишенип этикад кылабыз. Аллахка ыйман келтирүү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

Аллахтын бадыгына ыйман келтирүү.

Аллахтын тааланын рубубиятына ыйман келтирүү бул, Ал бардык нерсенин Эгеси, Падышасы, Жаратуучусу, ырыскы берүүчүсү жана иштерин башкарып туруучу деп ыйман келтирүү.

Аллах тааланын улухиятына ыйман келтирүү бул, ибадат кылууга эч кандай шериги жок Аллах гана татыктуу деп ыйман келтирүү. Мисалы намаз, дуба, назир, курмандык, жардам суроо, коргоо суроо, ж.б. бардык ибадаттарды аткарууда Аллахка эч нерсени шерик кылбай аткаруу.

Ал эми ысым-сыпаттарына ыйман келтирүү бул, Аллах тааланын Өзү жана Анын пайгамбары Ага бекемдеген ысым-жана сыпаттарына ыйман келтирүү, Өзү жана пайгамбары Андан четке каккан сыпаттарды четке кагуу болуп эсептелет. Аллахтын ысым-сыпаттары толуктугунда жана көркөмдүгүндө эң жогорку чекте. Ага окшош эч нерсе жок, Ал - Көрүүчү жана Угуучу.

Ыймандын экинчи түркүгү: периштелерге ыйман келтирүү

Аллах таала айтты: "Бардык мактоо-даңазалар асмандар жана жердин жаратуучусу Аллахка таандык.* (Ал) периштелерди эки, үч, төрт канаттуу элчилер кылып жаратты.** Аллах (Өзү жараткан) макулуктарда Өзү каалаган нерсени көбөйтөт. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү!" Фатир сүрөсү, 1-аят.

Периштелер кайып ааламы экенине, алар Аллахтын нурдан жараткан кулдары, аларды дайыма Өзүнө баш ийип, жүгүнүп туруучу кылып жаратканына ыйман келтиребиз.

Периштелер өтө чоң калк, алардын кубатын жана санын бир гана Аллах билет. Алардын ар биринин сыпаттары, ысымдары жана Аллах таала дайындап койгон өзүнө тиешелүү озуйпа милдеттери бар. Алардын ичинен Жебирейил (ага Аллахтын саламы болсун) Аллах тааладан Анын элчисине аян-кабар алып түшүүгө милдеттендирилген.

Ыймандын үчүнчү түркүгү: китептерге ыйман келтирүү

Аллах таала айтты: «Айткыла (Оо, ыймандуулар): "Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Исага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларданбыз"». Бакара сүрөсү, 136-аят.

Ааламдарга далил жана амал кылуучуларга багыт катары Аллах таала элчилерине китептерди түшүргөнүнө ыйман келтиребиз.

Пайгамбарлар ал китептер аркылуу адамдарга илим-даанышмандыкты үйрөтүп, күнөө-катадан тазалашты.

Аллах таала пайгамбары Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалпы адамзатка жөнөткөндө, анын шарияты менен мурдагы шарияттардын баарын жокко чыгарды. Ыйык Куранды бардык асман китептерине күбө болуучу жана алардын баарынын өкүмүн өчүрүүчү кылды. Аллах таала Куранды ар кандай өзгөртүү жана бурмалоолордон сактоону Өзүнүн кепилдигине алды. Аллах таала айтты: "Чынында Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз". Хижр сүрөсү, 9-аят. Анткени, Ыйык Куран Аллах тааланын адам баласына түшүргөн акыркы китеби, а, Мухаммад пайгамбар болсо (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) акыркы элчиси. Ислам дини болсо, кыямат күнгө чейинки пенделерине дин болуусуна Аллах ыраазы болгон дин. Бул тууралуу Аллах таала минтип айткан: "Чынында, Аллахтын алдында (кабыл боло турган) дин - Ислам". Аалу Имран сүрөөсү, 19-аят.

Аллах таала Куранда айтып эскерген асман китептери төмөнкүлөр:

Ыйык Куран, аны пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүргөн.

Тоорат, аны пайгамбары Мусага (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.

Инжил, аны пайгамбары Исага (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.

Забур, аны пайгамбары Даудга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.

Ибрахимдин барактары, аларды пайгамбары Ибрахимге (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.

Ыймандын төртүнчү түркүгү: пайгамбарларга ыйман келтирүү

Аллах таала айтты: «Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) "кудайлардан" алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз». Нахл сүрөсү, 36-аят.

Аллах таала адамдарга элчилерди жибергенине ишенебиз. Алар адамарды шериги жок жалгыз Аллахка ибадат кылууга чакырып, Андан башка ибадат кылынчу нерселерге ишенбөөгө чакырган.

Пайгамбарлардын баары адам баласы, Аллахка кулдук кылган эркек кишилер. Алар - чынчыл, тастыктоочу, такыба, аманаткөй, туура жолдо жүрүүчү жана туура жолго баштоочу. Аллах таала алардын чынчыл экенине далил кылып ар түрдүү муъжиза-белгилер менен кубаттаган. Алар Аллах жеткирүүсүн милдет кылган нерсени толук жеткирген. Ошондой эле алардын баары анык акыйката жана ачык-айкын туура жолдо болшукан.

Биринчилеринен баштап акыркыларына чейин баарынын чакырыгы негизинде бир - Аллахты жалгыздоо жана ибадатта ага эч нерсени шерик кылбоого чакыруу болгон.

Ыймандын бешинчи түркүгү: Кыямат күнгө ыйман келтирүү

Аллах таала айтты: "Эч кандай кудай жок, бир гана Аллах бар. Ал силерди эч шек-күмөнү жок Кыямат күн үчүн чогултат. Аллахтан туура сүйлөгөн ким бар?" Ниса сүрөсү, 87-аят.

Акырет күнүнө ыйман келтиребиз. Ал бул дүйнө күндөрүнүн акыркысы болгон кыямат күнү. Раббибиз Аллахтын ыйык китебинде жана пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадистеринде айтылган кыямат күнүнө тиешелүү кабарлардын баарына ишенебиз. Мисалы, адам баласынын өлүүсү, кайра тирилүүсү, эсеп-кысап үчүн чогулуусу, пайгамбардын колдоо-шапааттары, амалдардын таразага тартылуусу, эсеп-кысаптын болуусу, бейиш, тозок, ж.б. кыяматка тиешелүү иштердин баарына ишенебиз.

Ыймандын алтынчы түркүгү: тагдырдын жакшы-жаманына ыйман келтирүү

Аллах таала айтты: «Биз бардык нерсени ченем-өлчөм менен жараттык" Камар сүрөсү, 49-аят.

Тагдырдын жакшы-жаманы баары Аллахтан болорун ишенебиз. Бул Аллах тааланын чексиз билиминин негизинде жана даанышмандыгына ылайык бардык жандуу-жансыз жаратылыштын тагдырын алдын-ала билгелөөсү. Бул дүйнөдө жаратылгандарга болуп жаткан иштин баары Аллахтын билүүсү, тагдыры жана башкаруусу менен болуп жатканына ишенебиз. Бул тагдырлар инсанды жаратуудан мурда жазылган. Инсанда каалоо жана тандоосу бар, ал чынында өз каалаган ишин кылат, бирок мунун баары Аллахтын билиминен жана каалоосунан сыртка чыгып кетпейт.

Тагдырга ишенүү төрт баскычтан турат, алар төмөнкүлөр:

Биринчиси: Аллах тааланын илими бардык нерсени ороп алганына ишенүү.

Экинчиси: Аллах таала кыяматка чейин боло турган бардык нерсени жазып койгонуна ишенүү.

Үчүнчүсү: Аллах тааланын каалоосуна жана кудуретинин толуктугуна, Ал каалаган нерсе болуп, каалабаган нерсе болбостугуна ишенүү.

Төртүнчү: Бардык нерсенин жаратуучусу Аллах жана жаратууда эч кандай шериги жок экендигине ишенүү.

Үчүнчү мартаба: Ихсан

Ихсан - бул, Аллахты көрүп турганыңдай ибадат кылууң, сен Аны көрбө албасаң, Ал сени көрүп тургандай ибадат кылууң. Аллах таала айтты: "Аллах таала, такыба жана жакшылык кылуучу адамдар менен бирге". Нахл сүрөсү, 128-аят.

Даарат

Аллах таала айтты: "Аллах таала тообо кылуучуларды жана тазалануучуларды жакшы көрөт". Бакара сүрөсү, 22-аят. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Кимде-ким менин ушул дааратымдай даарат алса, анан ыклас жана берилүү менен эки ирекет намаз окуса, Аллах таала анын мурдагы жасаган (майда) күнөөлөрүн кечирет". Бухари риваят кылган. Намаздын ордунун бийиктигинен Аллах таала намаз окуудан мурда даарат алууну буйруду жана намаздын жарактуу болуусуна дааратты шарт кылды. Даарат - намаздын ачкычы. Даараттын артыкчылыгын сезүү аркылуу жүрөк намаз окууга умтулат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Тазалык - ыймандын жарымы. Алхамду лилла деп айтуу - амал таразасын толтурат, Субханаллахи валхамду лиллахи деп айтуу асмандар менен жердин ортосун толтурат. Намаз - нур, садага - далил, сабырдуулук - жарык, Куран (ага амал кылсаң) сенин пайдаңа же (ага амал кылбасаң) зыяныңа күбө. Адамдардын баары эртелеп чыгып, өз жанын (жакшы амал кылып Аллахка, же жаман амал кылып шайтанга) сатат: аны же тозоктон сактайт же тозокко таштайт". Муслим риваят кылган. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Ким даарат алганда толук, жеткиликтүү алса, анын денесинен күнөөлөрү агып түшөт, акыркылары тырмактарынын түбүнөн чыгып түгөнөт". Муслим риваят кылган.

Ошентип пенде даарат менен сырткы денесин тазаласа, Аллахка ыклас кылып, пайгамбардын жолуна ээрчип ибадат кылуу менен жан дүйнөсүн тазалап, анан Аллахка жүздөнөт.

Даарат алуу зарыл болгон амалдар:

1- Бардык намаздар, мейли парз болсун, мейли напил болсун.

2- Каабаны айланып тооп кылуу.

3- Куран китебин кармоо.

Даарат жана гусулду таза суу менен алабыз:

Таза суу дегенибиз: асмандан түшкөн же жерден чыккан жана суулук табияты сакталган суулар. Суулук табиятынан чыкпоо үчүн суунун тазалыгын буза турган нерселер анын төмөнкү үч сыпатын өзгөртпөөгө тийиш: түсүн, даамын, жытын.

Даарат алуу:

Биринчи кадам: Ниет, ниеттин орду жүрөктө. Ниет кылуунун мааниси: кайсы бир ибадатты Аллахка жакындоо максатында аткарууга жүрөк менен чечим кылуу.

Экинчи кадам: Бисмиллах деп, Аллахтын ысымы менен баштайбыз.

Үчүнчү кадам: эки колду кырк муунга чейин үч жолудан жууйбуз.

Төртүнчү кадам: Оозду, мазмаза кылып үч жолу жууйбуз.

Мазмаза дегенибиз: оозго суу алып, аны тамакка чейин жеткирип ары-бери чайкап кайра түкүрүү.

Бешишчи кадам: мурунга истиншак кылабыз. Истиншак дегенибиз: мурунга суу алып, аны кеңилжээрге чейин тартып чайкоо. Анан истинсар кылабыз.

Истинсар дегенибиз: кеңилжээрге чейин тартылган сууну кайра сол кол менен чимкирип салуу.

Алтынчы кадам: бетибизди үч жолу жууйбуз.

Беттин чеги:

Бет дегенибиз бет маңдай турган адамга көрүнө турган адамдын жүзү.

Анын чеги туурасынан алганда бул кулактан тиги кулакка чейинки аралык.

Ал эми узунунан алганда кишинин маңдай чачы өскөн бешенесинен баштап, ээгинин түбүнө чейин.

Бетт жууганда андагы майда түктөр, баяз жана иъзар да жуулууга тийиш.

Баяз дегени, сакалга кошулган чачтан кулакка чейинки аралык.

Иъзар дегени, чачтын ылдый карай өсүп келип сакалга кошулган жери (бакенбард).

Бетти жууда сакал да эске алынат анын арасына суу аралатуу зарыл.

Жетинчи кадам: манжалардын учунан баштап чыканакка чейин үч жолу жууйбуз.

Колду жууганда чыканактын кошо жуулусу зарыл.

Сегизинчи кадам: башка, эки кулакты кошуп толук бир жолу масх тартабыз.

Масх бешене тараптан желке тарапка тартылып барып кайра артка тартылат.

Сөөмөйлөрү менен кулактын ички каналына, бармактары менен кулактын артына коюп, ушул тартипте кулактын ичине да артына да масх тартабыз.

Тогузунчу кадам: бутту мажалардын учунунан баштап кызыл ашыкка чейин үч жолу жууйбуз. Кызыл ашыкты кошо жуу зарыл.

Кызыл ашык, бул томук, б.а. шыйрактын эң ылдыйкы учунда төмпөйүп билинип турган сөөк.

Онунчу кадам: мусулман адамга даарат алып бүткөндөн кийин төмөнкү дубаны айтуу сүннөт: "Ашхаду аллаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лах, ва ашхаду анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулух. Аллахум-мажалнии минат-таввабийна, важалнии минал мутатоххирийн". Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким даарат алганда жеткиликтүү толук даарат алып, анан: "Ашхаду аллаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лах, ва ашхаду анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулух. Аллахум-мажалнии минат-таввабийна, важалнии минал мутатоххирийн" деп айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып, каалаганынан кирет". (Имам Тирмизи риваят кылган). Дубанын мааниси: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем. Аллахым мени тообо кылуучулардын жана тазалануучулардын катарына кош".

Дааратты төмөнкү иштер бузат:

1. Адамдын арткы жана алдыңкы авреттеринен заара, заң, жел, мани, маази чыкса.

2. Терең уйку, эстен тануу, мас болуу, жинди болуу сыяктуу акылды айныта турган иштер.

3. Жуунууну милдет кылган жунубдук, этек кир жана нифас (төрөттөн кийинки кан) сыяктуу иштер.

Инсан ажетин өтөгөндөн кийин авретин нажастан тазалоосу важыб, суу менен жууса дагы жакшы болот. Же болбосо таш, кагаз, чүпүрөк сыяктуу нажасты кетирүүчү нерселер менен тазалоого болот. Ушинтип үч же же андан көп так санда тазалоо керек.

Маасыга жана байпакка масх тартуу.

Маасы же байпак кийген абалда буттарды жуубастан масх тартып коюуга болот, бирок мунун бир канча шарты бар:

1. Буларды кийген учурда киши чоң жана кичине дааратсыздыктан таза, б.а. даараттуу жана буту жуулган болуусу керек.

2. Бул бут кийимдер нажастан таза боуусу керек.

3. Масх атайын белгиленген масх тартуу мөөнөтүндө гана болууга тийиш.

4. Бул бут кийимдер адалдан табылган болуусу керек, уурдалган, же тартып алынган сыяктуу арам болбоосу керек.

Маасы дегенибиз: Жука териден же ушул сыяктуу материалдан жасалган бут кийим, ал буттун кадамдарын кызыл ашыкка чейин жаап турууга тийиш. Байпак дегенибиз: чүпүрөк же ушул сыяктуу башка материалдан тигилген бут кийим.

Эмне себептен маасыга масх тартабыз деген суроонун сыры: маасыга масх тартуунун сыры мусулмандарга жеңилдик болсун үчүн. Анткени, маасыны же байпакты чечип анан бутту жуу кээде машакат болуп калуусу мүмкүн, айрыкча кыштын күнү күн суук учурларда.

Масх тартуунун мөөнөтү үйдөгү, тагыраагы, сапарга чыкпаган киши үчүн бир күн бир түн (24 саат). Ал эми мусапыр үчүн үч күн үч түн (72 саат).

Бул мөөнөт маасыны кийгенден кийинки биринчи масх тарткан учурдан башталат.

Маасыга же байпакка масх тартуунун сыпаты:

1. Колду суулайбыз.

2. Буттун үстүнө суу кол менен из түшүрөбүз (манжанын учу тарабынан буттун шыйрак тарабына өйдөнү көздөй тартылат).

Оң бутка оң кол менен, сол бутка сол кол менен тартабыз.

Масхты бузуучу иштер: 1. Жуушту важыб кылган иштердин баары. 2. Масх тартуу мөөнтүнүн бүтүүсү.

Гусул - Жуунуу.

Эркек менен аялдын ортосунда жыныстык катыш болсо, уруктугу чыкпаса деле, же кошулбай эле кумарлануу менен уруктук суулары агып чыкса, бул учурларда намаз окуу же дагы башка тазалыкты талап кылган ишти аткаруу үчүн эркекке да, аялга да толук жуунуу милдет болот. Ошондой эле аял кишинин этек кири, же төрөттөн кийинки нифас каны токтосо, намазга же башка тазалыкты талап кылган ишке киришүүдөн мурда толук жуунуусу милдет болот.

Жуунуунун тартиби төмөнкүдөй болот:

Кандай абалда болбосун бүт дене мүчөлөрүнө суу жеткирип, ооз менен мурунду жеткиликтүү жууп чыкса, чоң дааратсыздыктан арылган болот, б.а. тазалыгы толук болот.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүнө ылайык болуу үчүн төмөнкү иштерди аткарышыбыз керек:

1. Дааратсыздыктан тазаланууну ниет кылуу.

2. Бисмиллах деп айтуу жана эки колду кырк муунга чейин үч жолу жууп, анан булганган аврет жерлерди жуу.

3. Намазга даарат алган сыяктуу толук даарат алуу.

4. Башка үч мертебе суу куюп, чачты ышкалап чач түбүнө суу жетирүү.

5. Жалпы денеге, алгач оң тарабына, анан сол тарабына суу бүт денеге тийүү үчүн кол менен жышыганча сууну куюу.

Жунуб киши жуунганга чейин төмөнкү иштерди аткарууга болбойт:

1. Намаз окууга.

2 Каабаны айланып тооп кылууга.

3. Мечитте көпкө отуруп алууга. Эгер дароо кирип чыкса, уруксат.

4. Куран китебин кармоого.

5. Куранды окууга.

Таямум.

Мусулман адам даарат алганга суу таба албай калса, же оору ж.б.у.с. себептен улам сууну пайдалана албаса, ошол ле учурда намаздын убактысы өтүп кетүү коркунучу болуп калса, анда топуракка таямум кылса болот.

Таямумдун сыпаты, колдорун топуракка бир жолу уруп, аны менен бетин жана колдорун сүртүп чыгат. Таямум кылуу үчүн топурактын таза болуусу шарт.

Таямумду төмөнкү иштер бузат:

1- Дааратты бузуучу иштердин баары таямумду да бузат.

2- Таямум кылып аткармакчы болгон ибадатына кирише электе суу табылып калса таямум бузулат.

Намаз.

Аллах таала мусулман пендеге бир сутканын ичинде беш жолу намаз окуунун парз кылган. Алар: багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан.

Намазга даярдык көрүү

Намаз убактысы киргенде мусулман киши кичине дааратсыздык абалда болсо даарат алат, эгер чоң дааратсыздык абалда болсо, анда жуунат.

Чоң дааратсыздык дегенибиз: Гусул, жууну зарыл болуп турган учур.

Кичине дааратсыздык дегенибиз: даарат алуу зарыл болуп турган учур.

Намазды окуганда кийими, намаз окуп жаткан жайы таза жана өзүнүн авреттери жабык болуусу керек.

Намазга киришерде бүт денесин жаба турган жакшы кийим киет. Эркек кишиге намазда киндигинен тизесине чейинки дене мүчөлөрүнөн кайсы бир жери ачык калууга болбойт.

Аял киши болсо, бет жана колдорунан башка бардык дене мүчөсүн жабууга тийиш.

Намазда намаздын өзүнө тиешелүү сөздөрдөн башка сөздү сүйлөөгө болбойт, унчукпай имамга жүктөйт. Эки жагына бурулуп карабайт. Эгер намаздын өзүнө тиешелүү сөздөрдү билбесе, анда Аллахты зикир кылып, тасбих айтып намазды бүтүрөт. Бирок, өтө кыска аралыкта намазды жана анда айтылчу сөздөрдү үйрөнүүсү кажет.

Намазды туура окуу үчүн, Аллахтын каалоосу менен, төмөнкү кадамдарга карап, ошондой аткарабыз:

1-кадам: Кайсы парз намазды окумакчы болсо ошол намазды ниет кылуу, а ниеттин орду жүрөктө.

Даарат алгандан кийин, кыбылага жүздөнөмүн, эгер туруп окууга кадыр болсом, намазды туруп окуймун.

2-кадам: эки колумду ийиндин тушуна чейин көтөрүп: "Аллаху Акбар" деп айтамын, ушул учурда намазга кирүүнү ниет кылам.

3-кадам: Намазга киришүү дубасын окуймун, ал мындай окулат: "Субхаанака Аллахумма ва бихамдика, ва табаарокасмука, ва таъала жаддука, ва лаа илааха гойрук". Мааниси: "О, Аллах! (Сени бардык кемчиликтерден аруулайм) О, Аллах! сенин ысымың таберик. Улуулугуң эң жогору. Сенден башка эч бир кудай жок" 4-кадам: Куулган шайтандын жамандыгынан коргоосун Аллахтан сурап, мындай деймин: "Ауъзу биллаахи минаш-шайтоонир-рожим". Мааниси: "Куулган шайтандын жамандыгынан Аллахтын (жардамы менен) коргоном". 5-кадам: Ар бир ирекетте Фатиха сүрөсүн окуймун. Ал: "Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун!". "Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү". "Кыямат Күндүн падышасы". "Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!". "(О, Жараткан!) Бизди туура жолго баштагын!". "Өзүң жакшылык берген адамдардын жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын жолуна эмес".

Андан кийин: Амин деймин, мааниси: Аллахым, кабыл кыл дегенди билдирет.

Фатиха сүрөсүн окугандан кийин биринчи жана экинчи ирекетте Курандан жеңил бирден сүрө (же бир канча аят) окуймун. Мындай кылуу важип болбосо да, аны аткарган адам көптөгөн соопторго жетишет.

6-кадам: "Аллаху Акбар" деп айтып белимди түз кармап, эки колум менен тиземди таянып, тизенин томугун манжаларымды ачып чеңгелдеп үрүкү кылам. Үрүкүдө үч жолу "Субхана Робиял аъзиим" деп айтам.

7-кадам: "Самиъ Аллаху лиман хамида" деп, колдорумду эки ийиндин тушуна чейин көтөрүп, үрүкүдөн өйдө болом. Денем толук түздөлгөндөн кийин "Роббанаа лакал хамду" деп айтам.

8-кадам: "Аллаху Акбар" деп, эки алаканымды, эки тиземди, эки бутумдун манжаларын, бешенемди жана мурдумду жерге тийгизип сажда кылам. Саждада үч жолу "Субхаана Роббиял аълаа" деп айтамын.

9-кадам: "Аллаху Акбар" деп саждадан өйдө болуп, оң бутумдун манжаларын кыбылага каратып бүгүп, сол бутумдун үстүнө белимди түздөп отурамын. Отурган тейде үч жолу "Роббигфир лии" деп айтам.

10-кадам: "Аллаху Акбар" деп жанагы сажда сыяктуу экинчи жолу сажда кылам.

11-кадам: "Аллаху Акбар" деп айтканча саждадан өйдө тике турамын. Намаздын кийинки иркеттеринин баарында мына ушул бир ирекет сыяктуу аткарамын.

Бешим, дигер, шам жана куптан намаздарынын экинчи ирекетинен кийин алгачкы "ташахуд" дубасын окуу үчүн отурамын. Ал: "Аттахияту лиллаахи вассолаваату ваттойибаат, асслааму алайка айюхан-набию ва рахматуллаахи ва баракатух. Ассалааму аълайнаа ва аълаа иъбаадиллахис-соолихийн, ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммдан аъбдуху ва расуулух". Мааниси: "Бардык саламдар, жүгүнүүлөр жана таза (дубалар) жалгыз Аллахка! О, Аллахтын пайгамбары! Сага Аллахтын саламы, мээрими жана берекеттери болсун! (Ошондой эле) Бизге жана Аллахтын бардык салих (ибадат кылган) пенделерине Аллахтын саламы болсун! Мен: "Жалгыз Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем". Андан кийин үчүнчү ирекетти окууга турамын. Бардык намаздарда акыркы ирекеттен кийин акыркы "ташахуд" дубасын окууга отурмын. "Аттахияту лиллаахи вассолаваату ваттойибаат, асслааму алайка айюхан-набию ва рахматуллаахи ва баракатух. Ассалааму аълайнаа ва аълаа иъбаадиллахис-соолихийн, ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммдан аъбдуху ва расуулух". "Аллахумма солли аълаа Мухаммад, ва аълаа аали Мухаммад, камаа соллайта аълаа Ибрахима, ва аълаа аали Ибрахим, иннака Хамидум Мажиид. Аллахумма баарик аълаа Мухаммад ва аълаа аали Мухаммад, камаа бааракта аълаа Ирахим ва аълаа аали Ибрахим, иннака Хадиидум Мажиид" Мааниси: "Бардык саламдар, жүгүнүүлөр жана таза (дубалар) жалгыз Аллахка! О, Аллахтын пайгамбары! Сага Аллахтын саламы, мээрими жана берекеттери болсун! (Ошондой эле) Бизге жана Аллахтын бардык салих (ибадат кылган) пенделерине Аллахтын саламы болсун! Мен: "Жалгыз Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем". "О, Аллах, Ибархимге жана анын үй-бүлөсүнө ырайым кылган сыяктуу, Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө ырайым кыл. Албетте, Сен мактоого татыктуу, Улуу Затсың! О, Аллах, Ибрахим жана анын үй-бүлөсүн берекелүү кылган сыяктуу, Мухаммадды жана анын үй-бүлөсүн да берекелүү кыл. Албетте, Сен мактоого татыктуу, Улуу Затсың!".

12-кадам: Андан кийин алгач оң тарабыма "Ассаламу алайкум ва рахматуллах" деп салам айтам, ана сол тарабыма "Ассаламу алайкум ва рахматуллах" деп салам айтам. Ушул учурда намаздан чыгууну ниет кылам. Мына ушунтип намазды бүтүрөм.

Мусулман аялдын хижабы

Аллах таала айтты: "Оо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: жоолуктарын өздөрүнө жакындатып (көкүрөк-баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн ажыралып) таанымал болууларына жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакыныраак (жорук). Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу". Ахзаб сүрөсү, 59-аят.

Аллах таала, мусулман аялга хижабды, авретин жана бардык дене-мүчөлөрүн махрам болбогон эркектерден өзүнүн элинде адат болгон кийим менен жабынууга буйруду. Аял киши күйөөсү жана өзүнө махрам болгон адамдардан башкалардын алдында хижабын чечүү мүмкүн эмес. Аялга махрам болгон кишилер: (атасы, канча өйдө карап кетсе да, баласы, канча ылдый кетсе да, атасы менен бир тууган ага-инилери, таекелери, ага-инилери, ага-инилеринин балдары, эже-сиңдилеринин балдары, апасынын күйөөсү (өгөй атасы), кайнатасы, канча өйдө кетсе да, күйөөсүнүн (өгөй) балдары, канча ылдый кетсе да, эмчектеш ага-инилери, эмизген аялдын күйөөсү, тек тарабынан махрам болгондордун баары, эмчектештик тараптан да махрам болот).

Мусулман аял кийим кийүүдө төмөнкү эрежелерге көңүл бурууга тийиш:

Биринчиден: Бардык дене-мүчөсүн жабуу.

Экинчиден: Кийген кийими бөтөн эркектердин көңүлүн бурбай тургандай жупуну болууга тийиш.

Үчүнчүдөн: Дене-мүчөлөрү көрүнө турган жука болбоого тийиш.

Төтүнчүдөн: Дене-мүчөлөрү билине турган тар болбоого тийиш.

Бешинчиден: Бөтөн эркектердин жанынан өткөндө алардын көңүлүн бура тургандай жыттуу нерселерди себинбөө керек.

Алтынчыдан: Эркектерге окшош кийинбөөсү керек.

Жетинчиден: Мусулман эмес аялдардын майрамда, же ибадатта кие турган кийимдерине окшош кийинбөө керек.

Сегизинчиден: Элдин көңүлүн бура турган өзгөчө (өтө кымбат же өтө эски) кийим болбоосу керек.

Ыймандуу адамдын сыпаттары:

Аллах таала айтты: "Чынында, ыймандуу адамдарга Аллах эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыйманын көбөйтөт* жана алар Раббисине гана тобокел кылышат". Анфал сүрөсү, 2-аят.

Сөзүндө чынчыл, жалган сүйлөбөйт.

Убада, келишим кылса, аны бузбайт.

Талаш-тартышта жаман сөздөрдү сүйлөбөйт.

Аманатты сактайт.

Өзүнө жакшы көргөн нерсени мусулман бир тууганына да жакшы көрөт.

Берешен, жоомарт.

Адамдарга жакшылык кылат.

Туугандары менен катташат.

Аллахтын тагдырына ыраазы болот, ырахаттуу жашоо болсо шүгүр кылат, машакаттуу жашоо болсо сабыр кылат.

Уяттуу болот.

Бардык жандууларга ырайымдуу болот.

Жүрөгүн башкаларга жамандык каалоодон, дене мүчөлөрүн зыян берүүдөн сактайт.

Адамдардын баарына кечиримдүү болот.

Сүткордук кылбайт жана анын "нанын" жебейт.

Ойноштук кылбайт.

Арак ичпейт.

Кошуналарына жакшы мамиле кылат.

Зулумдук, кыянаттык кылбайт.

Куулук кылбайт, уурдабайт.

Ата-энесине кызмат кылат, алар мусулман эмес болсо да, шариятка каршы келбеген иштерде аларга баш иет.

Балдарына жакшы тарбия берет, шарият буйруктарын аткарууга, жаман, арам иштерден алыс болууга буйруйт.

Кайры диндерге тиешелүү жана алардын адатына айланган амалдарды жана майрамдарда аларды туурап ээрчибейт.

Аллахка тообо кылат, кемчилик, күнөөлөрүнө кечирим тилеп дуба кылат.

Мусулмандын акыйдасындагы зарыл эрежелер:

1. Аллах - биздин Раббибиз, Андан башка ибадатка татыктуу "кудай" жок, Андан башка Рабби да, Андан башка кудай да жок. Ага окшош эч нерсе жок, Анын күч-кубаты жетпей кала турган нерсе да жок. Ал - Угуучу, Көрүүчү.

2. Аллах таала асманда бардык макулуктарынан бийик, алардан ажыралып турат. Анын бийиктиги жалпы, барык тараптан бийик, Заты да бийик, Кадыры да бийик, Каары да бийик, Ал бардык нерсени ороп алган.

3. Аллах таала Өзү жана пайгамбары Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ага таандык кылган бардык ысым жана сыпаттарын Ага таандык деп билебиз. Ошондой эле Өзү жана пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Андан кайтарган нерселерди (ысым-сыпаттарды) биз да Андан кайтарабыз.

4. Аллах таала дубаларды кабыл кылат, муктаждыктарды чечет, бардык нерсеге ээлик кылат. Андан башка эч нерсе зыян да, пайда да бере албайт. Пенде бир көз ирмем да Ага муктаж болбой тура албайт. Мусулман кишиге ибадаттын кайсы түрү болбосун, дуба, намаз, назир, курмандык, коркуу, үмүт кылуу, тобокел кылуу, ж.б. ички жана тышкы ибадаттардын баарын Аллахтан башкага арнап аткарууга болбойт. Кайсы ибадат болбосун, аны Аллахтан башкага арнаса, ал Аллахка шерик кошкон болот.

5. Күнөөнүн эң оору, чоң күнөөлөрдүн эн чоңу - Аллахка шерик кошуу. Ким Аллахка шерик кошкон тейде дүйнөдөн өтүп кетсе, ал бейишке кирбейт, анын барар жери тозок. Бул күнөө, эгер пенде андан тообо кылбай жүрүп өтүп кетсе, Аллах таала кечирбей турган күнөө.

6. Пенденин башына түшкөн ар бир иш аны кыйгап өтпөйт болчу, ошондой эле аны кыйгап өткөн иштин бири да анын башына түшпөйт болчу. Мусулман адам Аллахтын каза жана кадарына ишенүүгө, Аллахтын тагдырына ыраазы болуп, кандай абал болсо да Раббисине алкыш-мактоо айтып, ага шүгүр кылууга тийиш.

7. Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамзаттын эң абзели жана пайгамбарлардын акыркысы. Ал кыямат күнү шапаат кылат жана ага шапаат кылууга уруксат берилет. Аллах таала Ибрахим пайгамбарды Өзүнө дос туткан сыяктуу Мухаммад пайгамбарды да Өзүнө дос туткан.

8. Биздин китебибиз - Ыйык Куран, муъжизалуу, тууралыгында шек-күмөн жок, окулуусу да ибадат болгон ыйык китеп. Аны Алах таала Мухаммад пайгамбарыбызга периштелердин абзели болгон Жебирейил периштенин ортомчулугу менен түшүргөн. Ошондой эле аны бурмалоо жана өзгөртүүдөн Аллах Өзү сактайт. Бул тууралуу Аллах таала минтип айткан: «Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз». Хижр сүрөсү, 9-аят. 9. Адамдардын ичинен Аллах таалага жакыны - Ага такыба болгондор, Анын шариятын так аткаргандар. Арабтын араб эместен, араб эместин арабтан, ак терилүүнүн кара терилүүдөн, кара терилүүнүн ак терилүүдөн эч айырмасы жок, айырма такыбалыкта гана. Адамзаттын баары Адам атадан тараган, а, Адам ата топурактан жаратылган. Аллах таала минтип айткан: "Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар – такыбараак болгонуңар". Хужурат сүрөсү, 13-аят.

10. Мусулман адам анын кылган амалдарын жазып туруучу периштелерге, алардын барлыгына, алар дагы Аллахтын жаратылган пенделери экенине ишенет. Аллах таала периштелерди нурдан жараткан, алар да Аллах жараткан макулуктардан. Алардын ичинен Жебирейил периште аян-кабар жеткирүүгө, Микаил периште жамгыр жаадырууга, Исрафил периште сурду үйлөөгө, өлүм периштеси болсо пенделердин жанын алууга милдеттендирилген.

11. Мусулман адам кыяматтын белгилерине, Дажжалдын чыгуусуна, акыр заманда Мариямдын уулу Исанын асмандан түшүүсүнө жана күндүн батыштан чыгарына ишенет.

12. Мусулман адам, азапка татыктуу адамга кабырдын азабы болоруна жана жыргалга татыктуу адамга кабырдын жыргалы болоруна ишенет. Ошону менен бирге кабырында Мункар жана Накир деген периштелер, Раббиси, дини, пайгамбары тууралуу сурак кыларына, кабыр - бейиштин бир парча бакчасы же тозоктун аңдарынын бири болоруна ишенет.

13. Кыямат күнү кайра тирилүүгө жана аткарган амалдарга жараша жаза же сый аларына, ошондой эле бейиш менен тозок жаратылгандыгына жана алардын эч качан жок болуп кетпестигине ишенет.

14. Сыйкырчылык - Аллахка болгон каапырдык. Аны үйрөнүүгө, сыйкырчы, жалганчыларга барууга болбойт. Мусулман киши көзү ачык, төлгөчүлөрдүн айтканына ишенбөөгө тийиш. Ким алардын айтканына ишенсе, Мухаммад пайгамбарга түшүрүлгөн Куранга (динге) каапыр болот.

15. Мусулман адам Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларын жакшы көрөт. Сахабаларды жакшы көргөндөрдү да жакшы көрөт, сахабаларды жаман көргөндөрдү жаман көрөт. Анткени, сахабаларды жакшы көрүү дин жана жакшылык, аларды жаман көрүү эки жүздүүлүк жана каапырдык. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Менин сахабаларыма тил тийгизбегиле" - деп эскерткен (Муслим риваят кылган). Ким болбосун сахабалардын кайсы бирөөсүн сынга алса же кадырын түшүрсө, ал адашуучу, бидатчы болот.

16. Мусулман адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийинки халифалыкка биринчи кезекте, бардык үммөттөн артык деп жана алдыга коюп Абу Бакр Сыддыкты (ага Аллах ыраазы болсун) татыктуу деп эсептейт. Андан кийин Умар бин Хаттабды (ага Аллах ыраазы болсун), андан кийин Усман бин Аффанды (ага Аллах ыраазы болсун), андан кийин Али бин Абу Талибди (ага Аллах ыраазы болсун) эсептейт. Алар туура жол көрсөтүүчү халифалар жана туура жолдогу имамдар.

15. Ибадаттар Куран жана сүннөт аркылуу буйрулган. Аллах таалага Куранда жана пайгамбардын сүннөтүндө келген ибадаттарды гана аткаруу зарыл. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин, адамдар жаңыдан чыгарган, анын сүннөтүндө болбогон ибадаттын баары бидаът, артка кайтарылган. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким биздин динибизге мурда анда болбогон нерсени жаңыдан кошсо, ал артка кайтарылат". Имам Бухарий риваяты.

16. Ибадаттын кабыл болуусу эки негизги шартка байланган, алар: ибадатты калыс Аллах үчүн аткаруу жана пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөткөн тартипте аткаруу. Эгер ибадат калыс Аллах үчүн болбосо, анда ал кабыл кылынбайт, ошондой эле Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөткөн жолунда болбосо да кабыл болбойт.

Менин бактым - Ислам динимде.

Аллах таала айтты: «Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз». Нахл сүрөсү, 97-аят. Мусулмандын жүрөгүнө кубаныч, тынчтык жана бакыт киргизүүчү нерсе - Раббисине, эч кандай тирүүнү, өлүктү жана бут-айкелдерди ортомчу кылбастан, дароо түзмө-түз байланышуу. Аллах таала Куранда ар дайым пенделерине жакын экендигин, аларды угуп, дубаларына жооп берерин эскерткен. Аллах таала айтты: "(Оо, Мухаммад) эгер пенделерим сенден Мени сурашса (айткын) Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин! (Ошондо) туура жолго түшүп калышы ажеп эмес!". Бакара сүрөсү, 186-аят. Аллах таала бизди Өзүнө дуба кылууга буйруган. Дубаны мусулманды Раббисине жакындата турган эң улуу ибадаттардан кылган. Бул тууралуу Аллах таала минтип айткан: "Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет". Гафир сүрөөсү, 60-аят. Ыймандуу мусулман дайыма Раббисине муктаждык менен кайрылат, дайыма Анын алдында дуба кылат, жакшы ибадаттары менен Ага жакындайт.

Аллах таала бизди бул жашоого чоң даанышмандык максат менен жараткан, жөндөн-жөн эле жаратып койгон эмес. Ал максат - Анын Өзүнө, Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуу. Ал бизге дүйнө жашообузда жеке өзүбүзгө жана жалпыбызга тиешелүү бардык иштерибизди иреттеп, тартиптештирип берген кеңири динди шарият кылды. Ушул адил шарият менен жашоодогу зарылдыктардын баарын, динибизди, жаныбызды, абийирибизди, акылыбызды, мал-мүлкүбүздү сактады. Ким шарияттын буйруктарын аткарып, тыюу салынган иштерден тыйылып жашаса, ал жогорудагы зарылдыктарды сактаптыр жана анын жашоосу бейпил, жүрөгү тынч болорунда эч шек-күмөн жок.

Мусулман пенденин Раббиси менен болгон алакасы терең, андыктан анын көңүлү тынч, жашоосун ырахаттуу болот. Мындай адам бейпилдикти, амандыкты, кубанычты сезип жашайт. Раббиси аны менен бирге экендигин, аны колдоп турарын, ыймандуу пендесине дайыма башчы экендигин сезет. Аллах таала минтип айткан: "Аллах - ыйман келтирген адамдардын башчысы. Аларды караңгылыктан нурга чыгарат". Бакара сүрөсү, 257-аят.

Мына ушул улуу алака пенденин Аллахка кылган ибадатынан ырахат алууга, Раббисине жолугууну сагынууга, ыйман даамын татып, жүрөгү менен бакыт ааламында болууга алып келет.

Ал даамды таат-ибадат кылуу жана күнөөлөрдөн сактануу аркылуу таткан адам гана сыпаттап бере алат. Ошол себептен пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: "Аллахтын Рабби экенине, Исламдын дин экенине, Мухаммаддын элчи экендигине ыраазы болгон адам ыймандын даамын татыптыр". Муслим риваят кылган.

Ооба. Эгер инсан дайыма Раббисинин алдында турарын сезсе, Аны ысым-сыпаттары менен тааныса, Аны көрүп тургандай ибадат кылса, ибадатын Ага гана ыклас кылып аткарса, ибадатын Аллахтан башкага арнабаса, анда ал дүйнө жашоосунда бактылуу жашап, акыретте жакшы акыбетин көрөт.

Ыймандуу пенденин башына түшкөн кыйынчылыктардын оту Аллахка болгон бекем ишеним, тагдырдын жакшылык-жамандыгына ыраазы болуп, мактоо айтуу себептүү өчөт.

Мусулман адам бактысын жана бейпилдигин арттыруу үчүн Аллахты көбүрөөк эстөөгө жана Ыйык Куранды көбүрөөк окууга умтулуусу керек. Аллах таала айтты: "Алар – ыймандуулар жана Аллахты эстөө менен жүрөгү тынчтанган адамдар. Көңүл бургула: Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат!". Раад сүрөсү, 28-аят. Мусулман адам Аллахты канчалык көп зикир кылса жана Куранды канчалык көп окуса, Аллах менен байланышы ошончо күчөйт. Жан дүйнөсү тазаланат, ыйманы кубаттанат. Ошондой эле мусулман адам Аллах таалага көрөгөчтүк менен ибадат кылуусу үчүн дининдеги нерселерди таза булактардан алууга умтулуусу зарыл. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Илим алуу ар бир мусулманга парз". Ибну Маажа риваят кылган Жана да аны жараткан Аллах тааланын буйруктарына моюн сунуп, баш ийүүгө тийиш, ал буйруктардын эмне сыры бар экенин билсе да,билбесе да. Аллах таала Куранда минтип айткан: "Эгер Аллах менен Анын пайгамбары кайсы бир ишти өкүм кылса, эч бир ыймандуу эркек же ыймандуу аялга ал ишти (аткарсамбы же жокпу деген) ыктыяр калбайт. Кимде-ким Аллах жана пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр!". Ахзаб сүрөсү, 36-аят.

Пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана жалпы сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.

Мусулман үчүн пайдалуу кыска китепче

Киришүү

Пенделерди жаратуудагы даанышмандык сыр

Раббим - Аллах.

Анын көркөм ысымдарынын кээ бири булар:

Менин пайгамбарым Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун).

Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) рахмат жана туура жолго баштоочу.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сыпаттарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:

Ыйык Куран - Раббимдин сөзү.

Менин диним – Ислам.

Биринчи мартабасы – Ислам.

Исламдын негиздери

Биринчи түркүгү: Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк берүү.

Экинчи түркүгү: Намаз окуу.

Үчүнчү түркүгү: Зекет берүү

Төртүнчү түркүгү: Рамазан айында орозо кармоо.

Бешинчи түркүгү: Аллахтын үйү болгон Харам мечитине барып ажылык кылуу.

Диндин экинчи мартабасы: ыйман.

Ыймандын түркүктөрү (негиздери)

Ыймандын биринчи түркүгү: Аллах таалага ыйман келтирүү

Ыймандын экинчи түркүгү: периштелерге ыйман келтирүү

Ыймандын үчүнчү түркүгү: китептерге ыйман келтирүү

Ыймандын төртүнчү түркүгү: пайгамбарларга ыйман келтирүү

Ыймандын бешинчи түркүгү: Кыямат күнгө ыйман келтирүү

Ыймандын алтынчы түркүгү: тагдырдын жакшы-жаманына ыйман келтирүү

Үчүнчү мартаба: Ихсан

Даарат

Даарат алуу:

Онунчу кадам: мусулман адамга даарат алып бүткөндөн кийин төмөнкү дубаны айтуу сүннөт: "Ашхаду аллаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лах, ва ашхаду анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулух. Аллахум-мажалнии минат-таввабийна, важалнии минал мутатоххирийн". Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким даарат алганда жеткиликтүү толук даарат алып, анан: "Ашхаду аллаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лах, ва ашхаду анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулух. Аллахум-мажалнии минат-таввабийна, важалнии минал мутатоххирийн" деп айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып, каалаганынан кирет". (Имам Тирмизи риваят кылган). Дубанын мааниси: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем. Аллахым мени тообо кылуучулардын жана тазалануучулардын катарына кош".

Маасыга жана байпакка масх тартуу.

Гусул - Жуунуу.

Таямум.

Намаз.

Намазга даярдык көрүү

Мусулман аялдын хижабы

Ыймандуу адамдын сыпаттары:

Мусулмандын акыйдасындагы зарыл эрежелер:

Менин бактым - Ислам динимде.